Замирбек Аскаров министрликтин көйгөйлөрүнө тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн иш сапарда жүрөт

0
32 просмотров

 Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров министрликтин ведомстволук түзүмдүк бөлүктөрүнүн өздүк курамы жана материалдык-техникалык базасынын абалы менен​ жеринен таанышып, тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн иш сапарда жүрөт.

 Мамлекеттик ишканалары менен таанышуу планынын алкагында КР ӨКМнин алдындагы Авиациялык мамлекеттик ишканасынын жана Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү Түндүк борборунун Бишкек шаарындагы Көк-Жар айылындагы базасынын имараттарын карап ишмердүүлүгү менен таанышууда. Андан соң КР ӨКМнин алдындагы Жарандык коргонуунун адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору, Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы иштерди аткаруу борборуна барат.

КР ӨКМдин Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here