2020-жылдын 5-марты саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
150 просмотров

Шашылыш билдирүү

 2020-жылдын 5-мартынан 7-мартына чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт: 5-мартта күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы, 6-мартта жана 7-мартта түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

 7-8-мартта абанын температурасы төмөндөп: түнкүсүн Чүй өрөөнүндө -2…-7° суук, Чүй облусунун түндүгүндө жана Талас өрөөнүндө -4…-9° суук, күндүз 1…6° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн  -4° сууктан +1° жылуулукка чейин,  күндүз 6…11° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -1…-6°, тоолуу райондордо  түнкүсүн -15…-20°, күндүз -3…-8° бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -5…-10° суук болушу күтүлөт.

 Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Катуу жаан-чачын жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаалардын кыймылдоосун кыйындатат.

 Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

5-март күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

 Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан жаап, карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүүсү күтүлүүдө.  Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Куткаруучулар тарабынан көрсөтүлгөн жардам боюнча

Ош шаарынын Анар районунда жайгашкан үйдүн батиринин бекилип калган эшигин куткаруучулар ачып беришкен. Негизинен 4 куткаруучу тартылган.

Чүй облусунун Токмок шаарындагы Шамшы көчөсүндө жайгашкан үйдүн батиринин бекилип калган эшигин куткаруучулар ачып беришкен. 4 куткаруучу тартылган.

Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы ЖЧК “Узун-Сай” шахтасынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине КР ӨКМнин ТКККнын №1 ӨМТККВдан 7 куткаруучу тартылып, өрттү өчүрүп, газ чыккан жерине тосмо орнотуп беришкен. 

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  3. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  4. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

 Сутка ичинде республиканын аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 11 бөлүм тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.     4-АӨКБ

1 б

1 22:04 22:10 22:15 22:40 22:53   Ленин району, Заводской поселок көчөсү. Турак үйдүн 2 чарчы метр мордун тегереги күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Чүй облусу

2.     2-ӨКБ

1 б

1 10:04 10:21 10:36 11:19 12:06   Панфилов району, Чалдыбар айылы,  Скупченко көчөсү. Жыгач устундуу темир жабылган турак үйдүн 20 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: газ берүүчу шаймандарын колдонууда эреженин бузулушу. 1ствБ

 

3.     22-АӨКБ

1 б

1 16:40 16:48 16:50 17:00 17:25   Жайыл району, Алексеевка айылы, Лермонтов көчөсү. Короодо 15 түк саман күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

 

4.     28-АӨКБ

1 б

1 17:51 18:13 18:20 19:46 20:21   Аламүдүн району, Таш-Төбө айыл аймагы, Дача,  Подорожник көчөсү. Жыгач устундуу темир жабылган 110 чарчы метр турак үй толугу менен күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

1ствА

5.     27-АӨКБ

1 б

1 00:19 00:35 01:10 05:00 05:45   Ысык-Ата району, Туз айылы, Тентишев көчөсү.  Жыгач устундуу шифер жабылган кампанын 35 чарчы метр ичи жана 200 тук чөп куйгөн.  Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

 

6.     23-АӨКБ

1 б

6-АӨКБ

1 б

1 02:53

03:00

03:08

03:12

 

 

04:06

07:28 08:20   Сокулук району, Военно-Антоновка айылы, Красно-Армейский көчөсү. Жыгач устундуу темир жабылган турак үйдүн 170 чарчы метр жыгач шыбы күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда. 3ствБ

Жалал-Абад облусу

7.     78-ӨКБ

1 б

1 13:23 13:27 13:40 14:05 14:17   Базар-Коргон району, Кеңеш айыл аймагы, 1-Май айылы, Абдулакимов көчөсү. Жыгач устундуу шифер жабылган аянты 40 чарчы метр сарай күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Ысык-Көл облусу

8.     31-ӨКБ

1 б

1 17:59 18:04 18:23 18:28 18:33   Ысык-Көл району, Чолпон-Ата шаары,   Колесников көчөсү, Lexus LS400 унаасынын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

 

КР ӨКМдин Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here