Баткендин базарларында кырсыктын алдын алууга багытталган иш-чара болуп өттү

0
74 просмотров

 Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облустук башкармалыгынын Баткен шаардык жана Баткен райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрү тарабынан 5-март күнү №26 Өрткө каршы куткаруу бөлүмү тарабынан Баткен шаарында жайгашкан борбордук “Айдарали” базарында өрт тактикалык машыгуу өткөрүлдү. Машыгууга медицина кызматы жана коомдук тартипти сактоо кызматынын кызматкерлери   тартылды.

 Иш-чаранын жүрүшүндө аталган базарда соода сатык менен алектенген жарандарга жана кызматкерлерге өрт кырсыгы катталган учурда иш аракеттер, биринчи медициналык жардам көрсөтүү жана өрт өчүрүүчү-куткаруучулар тарабынан куткаруу иштери, өрт кырсыгын жоюу боюнча иш аракеттер көрсөтүлдү.

КР ӨКМдин Басма-сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here