Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын иш-аракеттеринин даярдыгын жогорулатуу максатында штабдык машыгуу өткөрүлүүдө

0
78 просмотров

  Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун 2020-жылга даярдык Планынын негизинде, үстүбүздөгү жылдын 5-6-март күндөрү боло турган штабдык машыгуу башталды. Штабдык машыгуунун темасы: “Өзгөчө кырдаал коркунучу пайда болгондо жана келип чыккан шартта ЖК башкаруу органдарынын жана күчтөрүнүн иш-аракеттери”.

 Штабдык машыгуу 2 этаптан туруп: Республиканын аймагында сел жүрүү, суу ташкындоо, таш кулоо жана кар көчкү түшүү процесстери активдешүү коркунучу пайда болгон абалда Кыргыз Республикасынын ЖК мамлекеттик тутумунун иш чараларынын уюштурулушу жана Республиканын аймагында сел жүрүү, суу ташкындоо, таш кулоо жана кар көчкү түшүү процесстери катталгандыгы Кыргыз Республикасынын ЖК мамлекеттик тутумунун иш чараларынын уюштурулушу.
Машыгуунун максаттары:
1) Өзгөчө кырдаалдар катталган шартта Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын иш-аракеттеринин даярдыгын жогорулатуу;
2) Министрликтердин, ведомстволордун, облустардын, шаарлардын жана райондордун башкаруу органдарынын авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды аткаруу үчүн Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын тиешелүү күчтөрүн жана каражаттарын уюштуруусу жана башкаруусу;
3) Өзгөчө кырдаал келип чыккан шартта калкты кабарлоо иш-чараларынын аткарылышы;
4) Аткаруу бийлигинин республикалык жана жергиликтүү органдарынын Жарандык коргонуунун тынчтык убагына түзгөн Планындарына ылайык тартылуучу күчтөрүнүн жана каражаттарынын аныктыгын текшерүү;
5) Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун башкаруу органдарынын кыйратуучу жер титирөөгө даярдыктарын, ошондой эле жапа чеккен калкты, жайгаштыруу жана аларды ар тараптуу камсыздоо иш-чараларын аткарууга даярдыктарын текшерүү.

 Штабдык машыгууга тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун– Республиканын Жарандык коргонуу кызматтарынын жетекчилик курамы, облустардын жана шаарлардын, райондордун ЖК жетекчилери, ЖК кызматтары, комиссиялары жана кошуундары жана Кыргыз Республикасынын ӨКМнини борбордук аппаратынын башкармалыктары, бөлүмдөрү, ошондой эле министрликтин алдындагы түзүмдүк мекемелери.

КР ӨКМдин Басма-сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here