2020-жылдын 6-марты саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
38 просмотров

Шашылыш билдирүү

 2020-жылдын 6-мартынан 7-мартына чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт: 6-мартта жана 7-мартта түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

 7-8-мартта абанын температурасы төмөндөп: түнкүсүн Чүй өрөөнүндө -2…-7° суук, Чүй облусунун түндүгүндө жана Талас өрөөнүндө -4…-9° суук, күндүз 1…6° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -4° сууктан +1° жылуулукка чейин, күндүз 6…11° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз -2° сууктан…+3° жылуулукка чейин, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11° суук, күндүз -3° сууктан…+2° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -1…-6°, тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20°, күндүз -3…-8°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -5…-10° суук болушу күтүлөт.

 Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. Катуу жаан-чачын жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, унаалардын кыймылдоосун кыйындатат.

 6-мартынан 9-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Арал-Миң-Куш унаа жолунун 1-10-чакырымдарында,  Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 43-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 63-93-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

 Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2020-жылдын 3-мартындагы №02-34/172-Т жана 2020-ж. 05.03. №02-34/185-Т телефонограммалары чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 6-март күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

 Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында  мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде, тоолуу райондорунда жана Нарын облусунда  кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт.   Тоолуу райондордо  жолдор тоңголок, тайгак болушу жана кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

  1. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  3. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  4. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

 Сутка ичинде республиканын аймагында 7 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 7 бөлүм тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.     3-АӨКБ

1 б

1 14:31 14:46 14:55 15:45   Свердлов району, Кузнечный көчөсү. Турак үйдүн короосунда 15 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу. кол кар-т
2.     3-АӨКБ

1 б

1 14:52 15:02 15:22 15-35 15-56   Свердлов району, Ибраимова көчөсү. Кире бериш бөлмөнүн 6 чарчы метр дубалы күйгөн.  Өрттүн кесепетинен 5 адам эвакуацияланган, анын ичинен экөө кан басымдары жогорулап тез жардам кызматына кайрылышкан. Өрттүн себеби: электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу. кол кар-т
3.     8-АӨКБ

1 б

1 18:25 18:35 18:49 18:59 19:40   Биринчи май району, Тюменская көчөсүндө ачык аянтта 300 чарчы метр куураган камыш күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда. 1 ствБ

Чүй облусу

4.     22-АӨКБ

1 б

1 18:18 18:26 18:30 18:40 18:58   Жайыл району, Кара-Балта шаары,  П.Тольятти көчөсү. Кароосуз калган   эки кабатту үйдүн  бир бөлмөсүнүн 10 чарчы метр жана ичинде таштанды күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1 ствБ
5.     21-АӨКБ

1 б

1 22:15 22:26 22:40 23:00 23:31   Токмок шаары, Слободский көчөсү, Турак үйдүн мончосунун 20 чарчы метр дубалы жана шыбы күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда. 1 ствБ
6.     23-АӨКБ

1 б

1 22:40 22:51 23:00 23:05 23:15   Сокулук району, Сокулук айылы. Калинин көчөсүндө жайгашкан электр мамычасынын 2 чарчы метр күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1 ствБ

Нарын облусу

7.     16-АӨКБ

1 б

1 00:47 00:52 00:55 02:48 03:00   Нарын шаары, Т.Жунусов көчөсү. Турак үйдүн жалпы аянты 80 чарчы метр шыбы, дубалы жана үй буюмдары күйгөн. Өрттун себеби: электр зымдарынын кыска чыналуусу. 1 ствБ

 

КР ӨКМдин Басма-сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here