Министр ӨКМдин айымдарын куттуктады

0
304 просмотров

 Бүгүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров министрликте эмгектенип жаткан жалпы аялзатын келе жаткан 8-март — Айымдардын эл аралык күнү менен куттуктады.

 Министр Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде иштеген айымдардын, жигиттерден кем калышпай иш алып барып, кырсыктардын алдын алууда жана кесепеттерин жоюу багытындагы эмгектери үчүн алкышын айтты. Ошондой эле, калкыбызды түрдүү кырсыктардан өз өмүрүн тобокелге салып куткарган куткаруучуларыбызды тарбиялап өстүрүүдө апалардын салымы жогору экендигине токтолуп, кесиптеш айымдарга мындан ары да ийгиликтерди каалап, белектерди тапшырды.

КР ӨКМдин Басма-сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here