Министр Замирбек Аскаров Баткен облусунда иш сапарда жүрөт

0
30 просмотров

     Бүгүн, 2020-жылдын 10-март күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Баткен облусундагы сел, суу ташкындарынын болуп кетүү кооптуулугу бар аймактарды кыдырып, өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн өздүк курамы менен жолугуп, тиешелүү чечимдерди кабыл алуу максатында  иш сапарда жүрөт.

Министр иш сапарын алгач ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынын  жана №26 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн өздүк курамы менен таанышуудан баштады.  Андан соң ӨКМдин Баткен шаарындагы Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын өздүк курамы жана материалдык-техникалык базасы, өзгөчө кырдаалдар окуясына дайындалган  товардык-материалдык баалуулуктардын корун сактоочу кампа менен таанышып чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров издеп-куткаруу, чукул кырдаалдардын кесепетин жоюудагы аракеттердин натыйжалуулугу — материалдык-техникалык базанын камсыздалышына байланыштуу экенин баса белгилеп, бул багытта иш-аракеттер көрүлүп жаткандыгын билдирди.  

 Андан соң министр Зар-Таш айылындагы Кожа-Ашкан (Сох) дарыясынынын сол жак жээгиндеги болжол менен 150-170 метр болгон кооптуу участокту чоң таштар менен бекемдөө маселесин жеринен талкуулады жана ошол жерде жашаган  жергиликтүү тургундар менен жолукту. Министр З.М.Аскаров 2020-жылга карата аталган тилкеге дамба куруу иштерин жүргүзүү боюнча тиешелүү башкармалыктын башчыларына тапшырма берди.

 Кошумчалай кетсек, иш сапар эртең, 11-март күнү Баткен облусунун Лейлек районунда жана Исфана, Сүлүктү шаарларында уланмакчы. Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров өлкөбүздөгү кооптуу делген аймактарды жеринен кыдырып, табигый кырсыктардын алдын алуу, өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн өздүк курамы жана материалдык-техникалык базасынын абалы менен  жеринен таанышып, тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн Баткен облусунда иш сапарда жүрөт. Аталган иш-чарага министрликтин тиешелүү башкармалыктарынын башчылары жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышууда.

 ӨКМдин Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here