Ош облусунда автоунаа оодарылып кетип, аял киши каза болду

0
40 просмотров

 Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаарынын В.Ленин көчөсүндө «Мерседес Бенс” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен.

 Кырсыктын кесепетинен 1 аял киши каза болуп, 1 эркек адам жабыркаган. Жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 5 куткаруучу барып, каза болгон аялдын жансыз денесин унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен, ал эми жабыркаган адам тез жардам кызматы тарабынан ооруканага жеткирилген.

КР ӨКМнин Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here