Чүй облусунун аймагында өрткө каршы тактикалык машыгуулар өткөрүлдү

0
150 просмотров

 Чүй облусунун аймагындагы мектептерде, мектепке чейинки мекемелерде өрт кырсыктарын болтурбоо, алдын алуу максатында ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан өрт тактикалык машыгуулар өткөрүлдү.

 Алардын бири, Кара-Балта шаарында жана Жайыл районунда  жайгашкан “Билимкана” жеке менчик мектептеринде жана Москва районундагы “Святлячок” бала бакчасында өрт кырсыктарын алдын алуу боюнча нускама өтүлүп, өрт өчүрүүчү-куткаруучулар тарабынан практикалык иш аракеттер 200дөн ашуун мугалим, окуучуларга көрсөтүлүп машыгуу өткөрүлдү.

 КР ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы майор Азиз Эгембердиев билдиргендей, иш-чаранын максаты калк арасында өрт коопсуздугу боюнча маалыматты жогорулатуу болуп эсептелинет.

 “Өрт тактикалык машыгууда окуучуларга жана мугалимдерге өрт же өзгөчө кырдаал учурунда өзүн-өзү алып жүрүү, куткаруу кызматына кырсык жөнүндө кабар берүү, отту туура эмес пайдалануудан келип чыгуучу өрт кырсыктары, баштапкы өрт өчүрүүчү каражаттарын колдонуу тартиби боюнча кеңири маалымат берилет. Ал эми мектеп окуучуларына, бала бакчанын кызматкерлерине жана тарбиялануучуларына өрт же өзгөчө кырдаал учурундагы аракеттер, мекемедеги өрт коопсуздук чаралары, жаш балдардын от менен ойногонунан келип чыгуучу өрт кырсыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, өрт өчүрүүнүн ыкмалары үйрөтүлөт” – деди А.Эгембердиев.

 Аталган иш-чара КР ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын  2020-жылга карата түзүлгөн атайын пландын негизинде өткөрүлдү.

КР ӨКМдин Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here