Кадамжай районунда кырсыктын​ алдын алуу багытындагы маселелер каралды

0
112 просмотров

 Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри З.Аскаров Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Абдыкадыр Орозбеков айыл аймагынындагы кооптуулукту жараткан тилкелерди карап чыкты.
Маселен,​ Орозбеков айылынын Жоо-Кесек участкасындагы Охна сайынан автоунаалар өтүүчү көпүрө куруу маселеси талкууланды. Жоо-Кесек участкасындагы Охна сайынан өтүүчү көпүрө жок болгондуктан, жаз, жай мезгилдердинде сайдагы суунун көлөмү көбөйүп, автоунаалардын жана жөө адамдардын өтүүсүнө кооптуулук жаралып жаткандыктан, аталган участкага автоунаалар өтүүчү көпүрө куруу зарылдыгы пайда болууда. Эгерде көпүрө курулса, 260 кожолуктун коопсуздугу сакталат.
Андан соң Орозбеков айылынын Бостон жана Гүзөр учаткаларындагы​ Охна сайынын 150 метр аралыгына жөлөгүч дубал (подпорная стена)​ куруу маселеси жеринен каралды.​ ​ Турак-жайларды жана огороддорду сел кырсыктарынан сактоо максатында Гүзөр участкасынын 90 метр аралыгын жана Бостон участкасынын 60 метр аралыгын жөлөөчү дубал менен бекемдөө зарыл. Эгерде жөлөгүч дубал курулса,​ 53 кожолуктун коопсуздугу сакталат.

 Мындан тышкары Валакыш айылындагы Күзгү-Мазар сел өтүүчү сайына ​ сел кармоочу дамба куруу маселеси каралды. Жыл сайын кайра-кайра сел жүргөн учурда турак-жайларга, ички чарбалык арыктарга, тамаркаларга, ички жолдорго көптөгөн зыяндарды келтирүүдө.

 Жыйынтыгында министр калктын коопсуздугун биринчи орунга коюу менен, коңшулаш мамлекет менен чектеш болгон айылдардагы кооптулугу бар тилкелерде мыйзам чегинде иш алып барууну тийиштүү жетекчилерге тапшырма берди.

 Эскерте кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров өлкөбүздөгү кооптуу делген аймактарды жеринен кыдырып, табигый кырсыктардын алдын алуу, өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн өздүк курамы жана материалдык-техникалык базасынын абалы менен жеринен таанышып, тиешелүү тапшырмаларды берүүдө.

КР ӨКМдин Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here