Талас облусунда өрт кырсыгынын алдын алууга багытталган үгүт иштери жүргүзүлүүдө

0
90 просмотров

 КР ӨКМнин Талас облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Талас шаарынын №4 орто мектебинин 6-класстын 46 окуучуларына жана  мугалимдерине алгачкы өрт өчүрүүнүн ыкмалары ошондой жаш балдардын шоктугунан чыккан өрттү болтурбоо максатында, лекция жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

 Андан тышкары “Өрт кырсыктарды алдын алуу” жөнүндө видео-ролик көрсөтүлүп, балдарга суроолор берилип, конкурс викториналар уюштурулду. Конкурстун жеңүүчүлөрү Талас шаардык Өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан грамота менен сыйланышты.

КР ӨКМдин Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here