ӨКМде кезектеги кеңешме өткөрүлдү

0
242 просмотров

  2020-жылдын 18-март күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров жетекчилик кылган өлкөдөгү коронавирус вирус илдетине байланыштуу кырдаал боюнча кезектеги кеңешме өткөрүлдү. Кеңешмеге министрликтин түзүмдүк жана аймактык башкармалыктарынын башчылары катышты. ​

  Жыйындын жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун Сузак районунда катталган коронавирус илдетинин өлкө аймагына жайылып кетүүсүнүн алдын алуу маселеси, жалпы өлкөнүн аймагы боюнча коронавирус илдетине каршы күрөшүү боюнча аткарылып жаткан жумуштар талкууланып, кошумча күч каражаттар даяр экендигин, бөлүнгөн акча каражаттарды даректүү колдонуу, башкармалыктын башчыларына Жарандык коргонуу кызматтары менен тыгыз иш алып баруу тапшырмасы коюлду. Ошондой эле,​ калк арасында илдетти жуктуруп албоо үчүн атайын эрежелерди колдонуу, нормаларды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.

 Министрдин орун басары Равшан Рысбаев билдиргендей, Сузак районунда ӨКМ тарабынан жарандарды кабыл алуу жана жайгаштыруу максатында 60 орундук ​ уюштурулуп, жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте тургундар арасында ​ түшүндүрүү иштери, район, шаарлардагы обсервацияга жаткырылган жарандардын тамак-аш менен камсыздалышы, райондук Жарандык коргонуу кызматтары менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан аракеттер тууралуу маалымат берди. Кошумчалай кетсек, өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде министрдин орун басары Равшанбек Рысбаев ​ Жалал-Абад облусунун Сузак районунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу​ Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан аткарылып жаткан иш-аракеттерди көзөмөлдөө үчүн жеринде жүрөт.

-“Күнү-түнү иштейбиз, республикалык штабга ар эки саат сайын маалымат берилсин, жана ар бир кызматкердин өздүк коопсуздук эрежелери сакталышы керек”,-деди З.Аскаров.

КР ӨКМдин Басма сөз кызматы


КР ӨКМдин Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here