2020-жылдын 18-марты саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
99 просмотров

Шашылыш билдирүү

2020-жылдын 18-мартында абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-107-чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 71-74-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-93-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2020-ж. 16.03. №02-34/208-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген. Мындан сырткары ККжМЖМКС (ОКСИОН) аркылуу телеканалдардан тиешелүү маалыматтар жиберилген.

18-март күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

Күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу  райондордо кар жаашы  күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге  жетиши күтүлөт.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  3. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  4. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

 Сутка ичинде республиканын аймагында 23 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 24 бөлүм тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.     2-АӨКБ

1 б

 

1 13:48 13:57 14:02 14:14 14:43   Биринчи Май району, Ак-Босого жаңы конушундагы Профессор Зимы көчөсү. Фаст-фуд саткан павильон толугу менен, “Гриль” меши жана муздаткыч күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
2.     5-АӨКБ

1 б

1 15:08 15:17 15:39 15:45 16:30   Октябрь району, 6-кичи району 21-үй. Батирдин ашкана бөлмөсүндө кир жуучу машина, ашкана эмереги жана аба сордуруучу жабдуу күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. кол каражат
3.     4-АӨКБ

1 б

1 15:37 15:43 16:08 16:25 17:06   Биринчи Май району, М.Ганди көчөсү,  “Жаштык” эс алуучу багында 1,5 чарчы метр камыш күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Ош шаары

4.     12-АӨКБ

1 б

1 07:24 07:29 07:42 07:48 08:22   Алымбеков көчөсү, Жыгач устундуу темир жабылган турак үйдүн 2 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
5.     13-АӨКБ

1 б

1 23:04 23:06 23:07 23:15 23:29   Джим көчөсү. Таштанды таштоочу контейнерде 6 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Чүй облусу

6.     21-АӨКБ

1 б

1 б

1 12:30

 

12:38

12:38

 

12:47

13:58 15:19 15:01

 

16:10

  Токмок шаары, Куйбушев көчөсү. Жалпы аянты 375 чарчы метр сарай  толугу менен, 8 бодо мал, 300 түк саман, 300 түк чөп, 2 тонна жүгөрү, 3 куб.метр отун күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын от менен болгон шоктугу. 1ствА 2ствБ
7.     7-ӨКБ

1 б

1 14:47 14:59 16:06 20:26 21:20   Сокулук району, 20-хутор айылы, Киргизия көчөсү. Бастырмада 3000 түк чөп күйгөн. Натыйжада өрт кошунасына өтүп, турак үйдүн бастырмасында жыйылган 50 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
8.     5-ӨКБ

1 б

1 14:56 15:17 15:51 16:13 16:46   Кемин району, Боролдой айылы, Салиев көчөсү. Жыгач устундуу шифер жабылган бастырманын 20 чарчы метр чатыры жана 80 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
9.     21-АӨКБ

1 б

 

1 15:07 15:22 15:33 15:46 16:05   Токмок шаары, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 60 чакырымында 400 чарчы метр куураган чөп жана камыш күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
10.                       8-АӨКБ

1 б

1 15:07 15:29 15:42 16:30   Аламүдүн району, Маевка айылы, Строительный көчөсү. Ачык аянтта 1,5 куб.метр отун жана 10 сотык куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу. 1ствБ
11.                       8-АӨКБ

1 б

1 17:09 17:21 17:32 18:09 18:41   Сокулук району, Комсомол айылы,  Жанышбаев көчөсү. Короодо 30 сотык куураган чөп күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
12.                       7-АӨКБ

1 б

1 18:34 18:47 19:05 19:12 19:36   Аламүдүн району, Кырман жаңы конушунда Ачык аянтта 1 га куураган чөп күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда. кол каражат
13.                       8-АӨКБ

1 б

1 20:10 20:31 20:39 20:52 21:19   Сокулук району. Лесное айылы. Ачык аянтта 200 чарчы метр камыш күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
14.                       1-ӨКБ

1 б

1 20:26 21:20 21:43 21:48 22:57   Аламүдүн району, Байгелди айылы. Тоо этегинде 1 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. кол каражат
15.                       1-ӨКБ

1 б

1 22:00 22:03 22:18 22:35 22:40   Аламүдүн району, Ленинский айылы. Ачык аянтта 0,50 га камыш жана элетр мамычасы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Жалал-Абад облусу

16.                       20-АӨКБ

1 б

1 11:00 11:04 11:05 11:15 11:32   Жалал-Абад шаары, Островский көчөсү. Бастырмада 2 куб отун күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу. 1ствБ
17.                       54-ӨКБ

1 б

1 13:08 13:12 13:16 13:55 14:06   Сузак району, Көк-Жаңгак шаары, Көлмө тилкеси, Култаев көчөсү. Ачык аянтта 1,2 га куураган чөп жана камыш күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
18.                       58-ӨКБ

1 б

1 17:15 17:17 17:18 17:27 17:38   Жалал-Абад шаары, Спутник кичи району, Р.Азимова көчөсү. Таштанды таштоочу контейнерде 2 куб.метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу. 1ствБ
19.                       55-ӨКБ

1 б

1 17:50 17:52 18:00 18:15 18:38   Ноокен району, Масы айыл аймагы, Масы айылы, Султанов көчөсү н/ж.  ашкананын 15 чарчы метр ички жасалгасы, муздаткыч жана кондиционер күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
20.                       58-ӨКБ

1 б

1 00:30 00:36 00:37 00:50 01:03   Жалал-Абад шаары, Спутник кичи району, Жени-Жок көчөсү. Таштанды таштоочу жайда 0,5 куб.метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Талас облусу

21.                       100-ӨКБ

1 б

1 10:58 11:18 11:40 12:00 12:35   Манас району, Үч-Коргон айылы. Ачык аянтта 700 чарчы метр куураган чөп күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
22.                       17-АӨКБ

1 б

1 16:27 16:31 16:36 16:39 16:48   Талас шаары, Сарыгулов жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде “Фольксваген Пассат” үлгүсүндөгү жеңил унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ

Нарын облусу

23.                       42-ӨКБ

1 б

1 12:43 13:30 13:55 17:09 17:54   Кочкор району, Көк-Жар айылы, Чалай тилкеси. Ачык аянтта 2,5 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ

  КР ӨКМнин Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here