Карылар үйүнүн кызматкерлерине өрт кырсыгын болтурбоо максатында иш жүргүзүлдү

0
78 просмотров

 Бүгүн, 2020-жылдын 18-март күнү Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Нижняя Серафимовка айылындагы Карылар үйүнүн кызматкерлерине “Мекемеде өрт чыкса кызматкерлердин иш аракеттери” деген темада атайын пландын негизинде өрт тактикалык машыгуу өткөрүлдү. Аталган мекеменин кызматкерлерине машыгуунун жүрүшүндө аныкталган кемчиликтер жана өрт коопсуздук эрежелерин сактоо, өрттүн алдын алуу, алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттар менен иштөө жана колдоно билүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

 Машыгууда шарттуу түрдө карылар үйүнүн 2 корпусунда өрт чыгып, бардык жашоочулар коопсуз аймакка көчүрүлдү. Ысык-Ата райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан өрт өчүрүлүп, имараттын 3 кабатында калып калган 1 адам куткарылып, биринчи медициналык жардам көргөзүлдү.

 Мындан сырткары Ысык-Ата райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери атайын презентация аркылуу “Турмуш тиричилик коопсуздугу” программасынын өзгөчө кырдаалдардан, анын ичинен жер титирөө жана өрт кырсыгы учурунда өзүн өзү алып жүрүү эрежелери, сактануу жолдору боюнча кызматкерлерге лекцияларды окуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. 

КР ӨКМдин Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here