ӨК министри З.Аскаров коронавирус боюнча 112 кызматын текшерди

0
306 просмотров

Бүгүң, 19-март күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров министрликтин алдындагы Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун 112 Бирдиктүү мамлекеттик нөөмөт диспетчердик кызматынын коронавирус боюнча маалымат алуу үчүн ыкчам номур катары иштөө алгоритмин жеринен текшерди.

Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысынын орун басары подполковник Алмаз Рыскельдиев билдиргендей, 112 кызматынын нөөмөттөгү диспетчерлери кыска убакытта Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликти түзүлгөн алгоритимдин негизинде жарандардан келип жаткан коронавируска байланыштуу суроолорго тиешелүү маалымат берүү жөнгө салынган.

«Учурда жарандардан күнүнө жүздөгөн чалуулар болуп, диспетчерлер тарабынан маалыматтар берилүүдө», -деди А.Рыскельдиев. 

КР ӨКМдин Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here