2020-жылдын 19-марты саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
94 просмотров

Шашылыш билдирүү

 2020-жылдын 19-мартынан 23-мартына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга ошондой эле абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 71-74-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында,  Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-93-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым участокторунда  тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

 Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2020-ж. 18.03. телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

19-март күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

Күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан жаашы күтүлөт, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге  жетиши күтүлөт.

Жалал-Абад облусу

 Чаткал району. 2020-жылдын 18-март күнү cаат 07:45 чамасында Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 6-чакырымында 100м3 жана саат 14:20 чамасында 4-9-чакырым аралыгында (Капчыгай тилкеси) 400м3 кар көчкү түшүп, унаа жолу жабылган. Жабыркагандар жок.

 Тартылган күч жана каражаттар: №27 ЖТИден 1 жүктөгүч, 1 бульдозер.тартылган техникалардын жардамында унаа жол толук тазаланып ачылган.

 Токтогул району. 2020-жылдын 18-март күнү саат 21:40 чамасында Толук-Торкент унаа жолунун 67-чакырымында (Термечик тилкеси) 470м3 кар көчкү түшүп, унаа жолу жабылган. Жабыркагандар жок.

 Тартылган күч жана каражаттар: №23 ЖТИден 1 бульдозер.тартылган техникалардын жардамында унаа жол саат 03:30да толук тазаланып ачылган.

Куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча күндөлүк маалыматы

 Бишкек шаарынын Октябрь районуна Куткаруучулар 9-кичи жеринде жайгашкан №42 үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. 5 куткаруучу тартылган.

 Баткен облусунун Сүлүктү шаары. Куткаруучулар ЖЧК “Кызыл-Булак” шахтасынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 12 куткаруучу тартылып, өрттү өчүрүп, газ чыккан жерине тосмо орнотуп беришкен.

 

 

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
 

Талас облусу

1.     100-ӨКБ

1 б

1 16:44 16:48 17:05 17:13 17:30 101 Манас району, Үч-Коргон айыл аймагы, Покровка айылы. Ачык аянтта 0,15 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

КР ӨКМдин Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here