Коронавирус боюнча ӨКМдин министринин орун басары Калыс Ахматов онлайн пресс-конференциясында маалымат берди

0
331 просмотров

 Бүгүн массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө жана Өкмөттүн социалдык тармактары аркылуу түз эфирде Коронавирус боюнча Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов онлайн пресс-конференциясында маалымат берди.

 Анда, «Кыргызстандагы коронавирустун жайылышын чектеп, аны жок кылуу үчүн Япониянын тажрыйбасы пайдаланылат» — деди Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов.

 Министрдин орун басарынын айтымында, жеке гигиена менен тазалыкты сактоо боюнча бир катар эрежелерди так аткаруу жетиштүү. Ошондуктан, инфекцияны жуктуруп албоо жана COVID-19 вирусун жок кылуу үчүн 15 минута сайын жылуу кайнатылган суу ичип, оозду туздуу суу менен чайкоо жана 2 саат сайын бөлмөлөрдү дезинфекциялап, желдетип туруу сунушталат.

КР ӨКМдин Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here