Сузак районунда ӨКМ тарабынан дезинфекциялоо иштери жүрүүдө

0
227 просмотров

 2020-жылдын 19-мартында Жалал-Абад облусунун Сузак районуну аймагындагы короновирус оорусунун катталгандыгына байланыштуу жана башка аймактарга таркап кетүүсүн алдын алуу максатында Жалал-Абад облустук Жарандык коргонуунун жыйыны өткөрүлдү.

 Сузак районунда ӨКМдин куткаруучулары Благовешенка, Бостон, Орто-Азия дезинфекциялоо иштерин аткарууда. Дезинфекциялоо иштерине 35 куткаруучу жана 2 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Мындан тышкары уюштурулган блок посттордо дезинфекция жүргүзүүлүдө.

 Эскерте кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде министрдин орун басары Равшанбек Рысбаев Жалал-Абад облусунун Сузак районунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан аткарылып жаткан иш-аракеттерди көзөмөлдөө үчүн жеринде жүрөт.

КР ӨКМдин Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here