ӨКМ түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Ноокат районунда аткарылып жаткан иш-аракеттерди координациялап жатат

0
70 просмотров

ӨКМ түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Ноокат районунда аткарылып жаткан иш-аракеттерди координациялап жатат.

2020-жылдын 20-мартынан Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким райондук Жарандык коргонуу башчысынын буйругу менен Ноокат районунун аймагына “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилип, бардык күч каражаттар такталып, жарандык коргонуу кызматтары иш алып барышууда. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги түзүлгөн кырдаалга байланыштуу райондук Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан аткарылып жаткан иш-чараларды жеринде координациялоо иштерин аткарууда.
Ошондой эле, КР ӨКМдин куткаруучулары тарабынан Т.Зулпуев айыл аймагында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. Мындан сырткары райондук санэпидемкөзөмөл борбору тарабынан Кыргыз-Ата жана Жаңы-Ноокат айыл аймактарында 4 багыт боюнча дезинфекциялоо жумуштарын аткарууда.

КР ӨКМдин Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here