Министрдин орун басары Р.Рысбаев түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Ноокат районунда жүрөт

0
51 просмотров

Министрдин орун басары Р.Рысбаев түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Ноокат районунда аткарылып жаткан иш-аракеттерди координациялоо үчүн жеринде жүрөт

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде, министрдин орун басары Равшанбек Рысбаев Ош облусунун Ноокат районунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан аткарылып жаткан иш-аракеттерди координациялоо үчүн жеринде жүрөт.
Эскерте кетсек, 2020-жылдын 20-мартында Ноокат райондук администрациясынын башчысы–райондогу жарандык коргоо башчысынын буйругу боюнча Ош облусунун Ноокат районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

КР ӨКМдин Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email