Өзгөчө кырдаалдар министри З.Аскаров Бишкек шаарындагы жарандарды кабыл алуу жана жайгаштыруу жайларын кыдырып чыкты

0
601 просмотров

 Бүгүн, 23-март күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Бишкек шаарындагы чет өлкөдөн келген жарандарды кабыл алуу жана жайгаштыруу жайларын (обсервацияларды) кыдырып чыкты. Иш-чаранын максаты – жарандар менен пикир алмашуу жана уюштурулган шарттар менен жеринен таанышуу, тиешелүү чечим кабыл алуу.

 Биринчи Ак-Кеме мейманканасындагы жарандардын ден-соолугун көзөмөлдөп жаткан башкы врач Чоро Сатаров билдиргендей, жарандар үчүн бардык шарттар түзүлгөн, кээ бир медициналык каражаттарга (бет кап, кол кап) муктаждык бар. Өз кезегинде маалымат берип жатып, ушул жерде иштеп жаткан ӨКМдин кызматкерлерине ыраазычылык билдире кетти.

 Андан соң министр №1 интернатта жайгаштырылган жарандардын пикирин угуп, бир топ көйгөйлү маселелерин укту. Бүгүнкү күндө күнүмдүк керектелүүчү жуунучу каражаттардын жетишсиздиги, орундуктардын толук кандуу камсыздалбаганы, мындан тышкары медицина кызматкерлерине медициналык каражаттардын жетишсиздиги айтылды. Ал эми ысык тамак-аш боюнча маселе жок.Министр З.Аскаров айтылган кемчиликтерди тез арада жоюу тууралуу ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчилерине тапшырма берди.

 “Аталган мүчүлүштүктөрдү кыска мөөнөттө жойгула, тиешелүү шарттарды ыкчамдаткыла. Акча каражаттар бөлүнүп жатат, маселе чыкпаш керек”, — деди министр.

КР ӨКМдин Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here