2020-жылдын 23-марты саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
82 просмотров

Шашылыш билдирүү

 2020-жылдын 23-март күнү абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 71-74-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-93-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 74-90 чакырымыдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым участокторунда  тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

 Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2020-ж. 20.03. №02-34/237-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

23-март күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге  жетиши күтүлөт.

Сейсмологиялык абал боюнча

          КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 22-март күнү саат 22:01де Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жаш-Тилек жана Лангар айылдарында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

  1. Биологиялык социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал

I.I. Кыргыз Республикасы

I.I.I. Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму коронавирус инфекциясынын (COVID-19) пандемиясын жарыялагандыгына жана Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясы менен ооруган учурдун аныкталгандыгына байланыштуу, калктын коопсуздугун камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын аймагында калк арасындагы массалык ооруга жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында, «Жарандык коргонуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 22-мартындагы №93-б буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын аймагына 2020-жылдын 22-мартынан тартып “Өзгөчө кырдаал”  режими киргизилген.

 2. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

3. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

4. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 13 бөлүм тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11
Бишкек шаары
1.     28-АӨКБ

1 б

4-АӨКБ

1 б

1 б

ШТАБ

1 16:44

 

16:52

 

16:58

17:00

16:50

 

17:00

 

17:08

17:07

18:04 19:40 20:30

 

19:46

 

19:46

19:12

Ленин району, Валдайский көчөсү, Жыгач устундуу темир жабылган эки кабаттуу турак үйдүн 120 чарчы метр чатыры жана жалпы аянты 200 чарчы метр болгон кийим тигүүчү цех толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2ствА

3ствБ

2.     3-АӨКБ

1 б

1 17:48 17:51 17:55 18:03 18:32 Свердлов району, Жибек-Жолу көчөсү, тез татым тамактануу жайынын түтүн сордургучу күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
3.     5-АӨКБ

1 б

5-АӨКБ

АШ

1 21:26

 

21:26

21:37

 

21:37

21:40 22:48

 

22:00

Октябрь району. Көк-Жар кичи району, №38 үй. Ашканада плитада тамак-аш кароосуз калган. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу. кол

каражат

Чүй облусу
4.     23-АӨКБ

1 б

1 14:00 14:17 14:50 15:24 15:50 Сокулук району, Кызыл-Туу айылы, Табышалиев көчөсү. Ачык аянтта электр мамычасы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
Жалал-Абад облусу
5.     20-АӨКБ

1 б

1 б

1 20:32

 

20:50

20:35

 

20:53

50:51 21:32 21:37

 

21:31

0707681538 Жалал-Абад шаары, Крылов көчөсү. Жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу турак үйдүн 50 чарчы метр чатыры жана мончонун жыгач устундуу темир жабылган 2 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 3ствБ
Ысык-Көл облусу
6.     36-ӨКБ

1 б

1 13:24 13:28 13:38 15:00 15:10 Жети-Өгүз району, Кызыл-Суу айылы, Красно-Восточный көчөсү, Жалпы аянты 182 чарчы метр болгон эки кабаттуу турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 3ствБ
Баткен облусу
7.     26-АӨКБ

1 б

1 15:50 16:04 16:07 16:24 16:59 Баткен району, Бужум айылы, Ак-Терек тилкеси. Ачык аянтта 20 сотык куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствА

1ствБ

8.     76-ӨКБ

1 б

1 16:29 16:50 17:30 17:38 20:20

Кадамжай району, Кадамжай шаары, Жаңы-Жер айылы. Ачык аянтта 0.50 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

2ствБ

  КР ӨКМнин Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here