2020-жылдын 24-марты саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
66 просмотров

Шашылыш билдирүү

 2020-жылдын 24-мартынан 27-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 67-107-чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 71-74-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-93-чакырымында (Кара-Гөө ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым участокторунда  тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

 2020-жылдын 25-26-мартында Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт: 25-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан карга айланып, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. 26-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Кээ бир райондордо шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге  жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

  25-27-мартта түнкүсүн Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-2° үшүк, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет.

 Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2020-ж. 23.03. №02-34/264-Т жана №02-34/262-Т телефонограммалары чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

24-март күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

 Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.Тоолуу райондордо жолдор тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге  жетиши күтүлөт.

КР ӨКМнин куткаруу кызматтарынын чыгуулары боюнча

Талас облусу, Кара-Буура району, Кызыл-Адыр айылында ажаатканага ит түшүп кеткен. Куткаруучулар жерине барып итти чыгарышкан. 5 куткаруучу тартылган.

Баткен облусу, Сүлүктү шаары, ЖЧК “Узун-Сай” шахтасынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 7 куткаруучу тартылып өрттү өчүрүп, газ чыккан жерине тосмо орнотуп беришкен.

КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1. 4-АӨКБ

1 б

1 15:45 15:53 15:55 15:57 16:15  

Ленин району, Чүй проспектиси, “Ош-Пирим” кафесинде 0,5 чарчы метр килем күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

кол каражат

Ош шаары

1. 85-ӨКБ

1 б

1 20:34 20:38 20:39 20:42 21:12  

Төрөбек көчөсү, үйдүн батиринде электр зымдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

Чүй облусу

1. 4-ӨКБ

1 б

1 14:35 14:50 15:02 15:10 15:35  

Ысык-Ата району, Ивановка айылы, Межевая көчөсү. Жыгач устундуу тунуке жабылган сарайдын 15 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

Ысык-Көл облусу

1. 19-ӨКБ

1 б

1 17:10 17:18 17:28 18:00 18:43  

Балыкчы шаары, Шарипов көчөсү, ачык аянтта 10 сотык куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

Талас облусу

1. 17-АӨКБ

1 б

1 07:40 08:13 09:54 10:50 11:35  

Бакай-Ата району, Кең-Арал айылы. Жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 100 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 

1ствБ

Жалал-Абад облусу

1. 60-ӨКБ

1 б

1 13:40 14:30 18:30 18:57 19:35  

Токтогул району, Үч-Терек айыл аймагы, Кызыл-Уран айылы, Орток тилкесинде ачык аянтта 35 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ
1. 79-ӨКБ

1 б

1 14:40 14:45 14:47 15:20 15:51  

Чаткал району, Терек-Сай айыл аймагы, Терек-Сай айылы, Эшалы Болуш көчөсүндө жайгашкан күзөткана күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу.

1ствБ
1. 59-ӨКБ

1 б

1 03:05 03:20 03:27 04:15 04:49  

Сузак району, Багыш айыл аймагы, Сапаровка айылы, Калбердиев көчөсү. Жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 28 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

КР ӨКМнин Басма-сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here