2020-жылдын 25-марты саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат 

0
93 просмотров

Шашылыш билдирүү

 2020-жылдын 25-мартынан 27-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 67-107-чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 71-74-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-93-чакырымында (Кара-Гөө ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым участокторунда  тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

 25-26-мартында Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт: 25-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан карга айланып, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. 26-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Кээ бир райондордо шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге  жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

 25-27-мартта түнкүсүн Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-2° үшүк, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет.

 Аткарылган иш-чаралар: Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2020-жылдын 23-мартында №02-34/264-Т жана №02-34/262-Т телефонограммалары чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

25-март күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан карга айланып, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен  облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге  жетиши күтүлөт.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  3. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 10 бөлүм тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.     4-АӨКБ

1 б

1 б

1 11:36

 

11:36

11:39

 

11:39

12:04 12:51 13:11

 

13:11

  Ленин району, Стаханов көчөсү. Аянты 24 Чарчы метр бөлмө жана үй эмеректери күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ
2.     2-АӨКБ

1 б

1 20:16 20:25 20:41 21:36 21:53   Свердлов району, Чон-Коргон көчөсү №53 үйдүн жанында, ачык аянта 300 чарчы метр камыш күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствА

1ствБ

3.     5-АӨКБ

1 б

1 21:10 21:26 21:30 21:41 22:31   Октябрь району, А.Токомбаев көчөсү. “Mercedes-Benz Gelandewagen” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн жана жанында турган “Honda Fit” унаанын сырткы желим жабдыктары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
4.     3-АӨКБ

1 б

1 21:26 21:43   Свердлов району, Ибраимов жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде үй түтөгөндүгү тууралуу маалымат тастыкталган жок.
5.     5-АӨКБ

1 б

1 21:39 21:49 21:51 22:12   Свердлов району, Ибраимов көчөсү подьезде таштанды таштоочу түтүкчө түтөгөн. Өрттүн себеби такталууда. кол ка-ат

Ош шаары

6.     82-ӨКБ

1 б

1 02:15 02:20 03:12   Абакир у Т. көчөсү. Жатакананын бөлмөсүнүн ичинде 4 матрац күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусу

7.     65-ӨКБ

1 б

1 11:30 11:43 11:55 12:34 12:55   Сузак району, Барпы а/а, Үлгү айылы, Т.Карыбеков көчөсү №жок. Жыгач устундуу шифер жабылган бастырманын чатыры толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын от менен шоктугу. 1ствБ

Баткен облусу

8.     76-ӨКБ

1 б

1 15:54 14:25 14:41 14:53 15:47   Кадамжай району, Орозбеков а/а, Охна айылы, Киров тилкеси, Орозбеков көчөсү. Жалпы аянты 24 чарчы метр болгон сарай толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

 КР ӨКМдин Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here