2020-жылдын 26-марты саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат 

0
119 просмотров

Шашылыш билдирүү

 2020-жылдын 26-мартынан 27-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 67-107-чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 71-74-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-93-чакырымында (Кара-Гөө ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым участокторунда  тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

 26-мартында Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт: 26-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Кээ бир райондордо шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге  жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

 26-27-мартта түнкүсүн Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-2° үшүк, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет.

Аткарылган иш-чаралар: Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2020-жылдын 23-мартында №02-34/264-Т жана №02-34/262-Т телефонограммалары чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

26-март күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

 Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен  облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарынын тоолу райондорунда кар жаашы күтүлөт.  Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден,  Ыссык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге  жетиши күтүлөт.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  3. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Сутка ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 13 бөлүм тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.     6-АӨКБ

1 б

1 04:09 04:21 04:53 05:10 05:43   Ленин району, Ала-Тоо-2 конушу, Ак-Кыя көчөсү. Жыгач устундуу темир жабылган  турак үйдүн аянты 10 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Чуй облусу

2.     2-ӨКБ

1 б

1 07:38 07:50 08:35 09:35 10:10   Панфилов району, Панфиловка айылы, Мелиоратор көчөсү. Турак үйдүн 15,75 чарчы метр жыгач полу күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
3.     5-ӨКБ

1 б

1 б

1 14:59

16:06

15:29

16:34

16:44 17:35 17:58   Кемин району, Орловка шаары. Ачык аянтта 120 га  куураган чөп күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда. кол каражат
4.     22-АӨКБ

1 б

1 15:11 15:18 15:20 15:35 15:43   Жайыл район, Кара-Балта шаары, Молодежный көчөсү. Сарайда 20 чарчы метр үй-тиричилик буйумдары күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
5.     7-ӨКБ

1 б

 

1 21:07 21:10 21:12 21:50 22:00   Сокулук району, Жаңы-Жер айылы, Жамбулатова көчөсү. Мерседес бенц үлгүсүндөгү унаасынын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Баткен облусу

6.     75-ӨКБ

1 б

1 06:17 06:22 06:56 07:20 08:20   Кадамжай району, Масалиев айыл аймагы, Кара-Добо айылы, Спортивный көчөсү. Жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн 55 чарчы метр үч бөлмөсү толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ

Талас облусу

7.     17-АӨКБ

1 б

1 07:35 07:39 07:46 08:01 08:17   Талас шаары, Байдылла Сарногоев көчөсү. Турак үйдүн сарайында 2 куб отун күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу. 1ствБ
8.     100-ӨКБ

1 б

1 16:16 16:40 16:50 17:20 17:55   Манас району, Үч-Коргон айылы. Ачык аянтта 5000 чарчы метр куураган чөп күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Нарын облусу

9.     42-ӨКБ

1 б

1 10:05 10:30 10:40 10:50 11:20   Кочкор району, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 257-чакырымында оор жүк ташуучу камаздын прицеби түтөгөн.  Түтөгөндүгүнүн себеби такталууда. 1ствБ

Жалал-Абад облусу

10.                       57-ӨКБ

1 б

1 19:33 19:39 19:55   Таш-Көмүр шаары, Шопоков көчөсү. Сарай күйүп жатат деген маалымат тастыкталган жок.

Ысык-Көл облусу

11.                       36-ӨКБ

1 б

1 21:49 21:59 22:02 22:25 22:45  

Жети-Өгүз району, Кызыл-Суу айылы, Манас көчөсү, Турак үйдүн 1 чарчы метр жыгач полу күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1993 ж.т эркек киши жеңил жаракат алган. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

КР ӨКМ Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here