2020-жылдын 27-марты саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
137 просмотров

Шашылыш билдирүү

 2020-жылдын 27-март күнү жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 67-107-чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 71-74-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-93-чакырымында (Кара-Гөө ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым участокторунда  тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

 Аткарылган иш-чаралар: Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2020-жылдын 23-мартында №02-34/264-Т жана №02-34/262-Т телефонограммалары чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

27-март күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

 Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге  жетиши күтүлөт.

Сейсмологиялык абал боюнча

 КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 26-март күнү саат 10:44тө Тажикстан Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын чектешкен аймагында очогунда күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Баткен облусунун Баткен шаарында жана Баткен районунун Кара-Бак, Чек, Жаңы-Жер, Кызыл-Жол, Сары-Өтүк айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  3. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Сутка ичинде республиканын аймагында 3 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 3  бөлүм тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Чүй облусу

1.     2-ӨКБ

1 б

1 13:04 13:15 13:43 13:53 14:03

Панфилов району. Кайыңды шаары, ачык аянтта 2 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ
2.     22-АӨКБ

1 б

1 17:04 17:09 17:11 17:29 17:38

Жайыл району. Кара-Балта шаары, Мичурина көчөсү №10, короодо 60 ч.м куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

Нарын облусу

3.     42-ӨКБ

1 б

1 19:55 20:00 20:05 20:30 20:50

Нарын шаары. Качкынов көчөсү. Сарайдын ичинде 18 ч.м эски буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

КР ӨКМ Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here