2020-жылдын 30-марты саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
96 просмотров

Шашылыш билдирүү

 2020-жылдын 30-мартынан 31-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 71-74-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-93-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым тилкелеринде тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

 Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2020-жылдын 27-мартында №02-34/288-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

30-март күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

Күндүз Ош, Баткен  облустарынын кээ бир райондорунда  жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.  Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге  жетиши күтүлөт.

Сейсмологиялык абал боюнча

         КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 29-март күнү саат 10:51де Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Беш-Бадам, Кызыл-Гава айылдарында 5 балл, Базар-Коргон, Масы, Үч-Булак, Кызыл-Октябрь айылдарында 4,5 балл, Жалал-Абад, Көк-Жаңгак шаарларында 3,5  баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

          КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 29-март күнү саат 16:04тө Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Баткен облусунун Кадамжай районунун Шахимардан айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2.  Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  3. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Сутка ичинде республиканын аймагында 11 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 13 бөлүм тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Чүй облусу 

1.     15-ӨКБ

1 б

1 15:05 15:25 15:35 15:55 16:20   Москва району, Петровка айылы, Центральная көчөсү. Короодо 500 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
2.     2-ӨКБ

1 б

1 17:40 17:42 18:02 18:32 18:45   Панфилов району, Каинды шаары, Кооператив тилкесинде жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 16 чарчы метр чатыры жана 150 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
3.     27-АӨКБ

1 б

1-ӨКБ

1 б

7-АӨКБ

1 б

1 04:08

 

03:42

 

03:51

04:37

 

04:00

 

жолдон кайтуу

04:58 05:35 07:30

 

05:30

 

04:35

  Ысык-Ата району, Энергетик дачасы, Зеленая көчөсү. Жыгач устундуу тунуке жабылган турак үйдүн 50 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ

Нарын облусу

4.     45-ӨКБ

1 б

1 08:16 08:18 08:19 08:20 08:30   Ат-Башы району, Ат-Башы айылы, Ат-Башы көчөсүндө “Ауди-100”  үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу. 1ствБ

Талас облусу

5.     91-ӨКБ

1 б

1 12:07 12:15 12:20 12:22 12:54   Кара-Буура району, Кызыл-Адыр айылы,  мүрзөөдө 2 сотык куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
6.     100-ӨКБ

1 б

1 13:40 14:10 17:50 18:10 18:38   Манас району, Уч-Коргон айылы, ачык аянтта 6 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
7.     100-ӨКБ

1 б

1 18:40 18:45 19:00 19:55 20:25   Манас району, Покровка айылы, Айдаров көчөсү. Короодо 200 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Ысык-Көл облусу

8.     15-ӨКБ

1 б

1 18:55 18:59 19:20 19:45 20:15   Каракол шаары, Сыдыкбеков көчөсү. Мончонун жыгач устундуу тунуке жабылган 20 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: мештин пайдаланууда өрт коопсуздук эрежесинин бузулуш. 1ствБ

Жалал-Абад облусу

9.     58-ӨКБ

1 б

1 10:55 11:00 11:01 11:10 11:44   Жалал-Абад шаары, Манас көчөсү, батирдин 26 чарчы метр шыбы, жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу. кол каражат
10.                       70-ӨКБ

1 б

1 15:03 15:11 15:20 15:36 16:13   Аксы району, Кербен шаары, Огонбаев көчөсү. Жыгач устундуу шифер жабылган мончонун 12 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыздык  мамиле кылуу.   1ствБ

Ош облусу

11.                       88-ӨКБ

1 б

1 15:03 15:33 16:00 18:00 18:40   Чоң-Алай району, Чоң-Алай айылдык аймагынын, Доорот-Коргон айылы, Сулайманов көчөсү. Жыгач устундуу тунуке жабылган турак үйдүн 130 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

 КР ӨКМ Басма сөз кызматы 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here