31-мартта жана 1-4-апрелдерде  Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат 

0
38 просмотров
Weather forecast concept background - variety weather conditions, bright sun and blue sky; dark stormy sky with lightnings; sunset and night

Шашылыш билдирүү: 1-2-апрелдеринде туруксуз аба-ырайы күтүлөт!

2020-жылдын 1-2-апрелдеринде Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт: 1-апрелде түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 1-апрелде күндүз жана 2-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, түнкүсүн тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

3-апрелде Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана Талас облусунун кээ бир дыйканчылык аймактарында 0…-2° үшүк, 4-апрелде Ысык-Көл облусунун кээ бир дыйканчылык аймактарында -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет.

 

31-мартта жана 1-4-апрелдерде  Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат 

31-мартта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

1-апрелде түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

1-апрелде күндүз, 2-апрелде түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, түнкүсүн тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 2-апрелде күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

3-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 3-апрелде күндүз жана 4-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болушу күтүлөт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here