2020-жылдын 31-марты саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
113 просмотров

Шашылыш билдирүү

 2020-жылдын 31-мартында жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 71-74-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-93-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым тилкелеринде тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

 2020-жылдын 1-2-апрелинде Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт: 1-апрелде түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 1-апрелде күндүз жана 2-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, түнкүсүн тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

 3-апрелде Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана Талас облусунун кээ бир дыйканчылык аймактарында 0…-2° үшүк, 4-апрелде Ысык-Көл облусунун кээ бир дыйканчылык аймактарында -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет.

 Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2020-жылдын 27-мартында №02-34/288-Т жана 2020-жылдын 30-мартында №02-34/293-Т телефонограммалары чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 31-март күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  2. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
  3. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 11 бөлүм тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.     8-АӨКБ

1 б

4-АӨКБ

1 б

1 15:34

 

15:45

15:42

 

15:55

16:00 16:45 17:35

 

16:36

  Биринчи Май району, М.Ганди көчөсү . 40 тонналык контейнер толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ
2.     5-АӨКБ

1 б

1 05:58 06:11 06:21 06:24 06:47 101 Октябрь району, 8-кичи району, батирде үй эмереги күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. кол каражат

Чүй облусу 

3.     27-АӨКБ

1 б

1 08:03 09:06 09:32 10:04 12:17   Ысык-Ата району, Горный- Серофимовка айылы, Эргалы көчөсү. Жыгач устундуу тунуке жабылган турак үйдүн 106 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
4.     22-АӨКБ

1 б

1 10:42 10:47 10:50 11:02 11:10   Жайыл району, Кара-Балта шаары, Луговая көчөсү. Ачык аянтта 40 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
5.     24-АӨКБ

1 б

1 12:09 12:30 13:12 15:03 15:40   Чүй району, Садовое айылы, 1-Май көчөсү. Ачык аянтта жыйылган 350 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Жалал-Абад облусу

6.     20-АӨКБ

1 б

1 08:23 08:30 08:55 09:07 09:40   Жалал-Абад шаары, Москва көчөсү. Цехтин ичинде 1 даана тытуучу агригат жана  30 даана жаздык күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
7.     46 46-ӨКБ

1 б

1 11:00 11:10 11:15 12:13 12:27   Тогуз-Торо району, Казарман айылы, Калдыбаев көчөсү. Короодо жыйылган  200 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
8.     70-ӨКБ

1 б

1 15:20 16:09 16:16 17:19 18:27   Аксы району, Кербен шаары, Устукан  тилкеси. Ачык аянтта 150 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
9.     65-ӨКБ

1 б

1 16:21 16:28 16:33 17:08 17:20   Сузак району, Сузак айыл аймагы, Жийде-Арал айылы. Жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 80 чарчы метр чатыры, 100 боо жүгөрү сабагы, 10 түк чөп жана 1 куб отун күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ

Ысык-Көл облусу

10.                       19-АӨКБ

1 б

1 13:47 14:12 14:22 14:58 16:06  

Тоң району, Таш-Сарай айылы. Ачык аянтта 50 сотык куураган чөп жана 15 түп бак күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

 КР ӨКМ Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here