КР ӨКМ тарабынан жугуштуу ооруканада обсервацияда жаткан жарандар үчүн ысык тамак аш уюштурулууда

0
31 просмотров

Бүгүн, 31-март күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрдин орун басары Равшан Рысбаев КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядына барып Ош шаарында обсервацияда жаткан жарандар үчүн жасалып жаткан ысык тамактарды даярдоосун жеринен көзөмөлдөө үчүн барды.

Эскерте кетсек, Министр Замирбек Аскаровдун тапшырмасы менен 2020-жылдын 12-февралдан тартып Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан ысык тамактарды камсыз кылуу иштери каралып, Ош шаарында  жайгашкан убактылуу обсервацияда кармалып жаткан жарандар үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын тарабынан суткасына 3 (үч) маал ысык тамак жеткирилүүдө. Учурда мындай иш чара өлкөнүн баардык облусттарында өткөрүлүүдө.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here