2020-жылдын 1-апрели саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат  

0
147 просмотров

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба-ырайы күтүлөт!

2020-жылдын 1-2-апрелинде Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт: 1-апрелде түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 1-апрелде күндүз жана 2-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, түнкүсүн тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

3-апрелде Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана Талас облусунун кээ бир дыйканчылык аймактарында 0…-2° үшүк, 4-апрелде Ысык-Көл облусунун кээ бир дыйканчылык аймактарында -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет.

1-апрелинен 3-апрелине чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 67-107 чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 71-74 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-93 чакырымында (Кара-Гөө ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым участокторунда тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

КР ӨКМнин тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында 2020-жылдын 30-мартында №02-34/293-Т жана 2020-жылдын 31-мартында №02-34/298-Т телефонограммалары чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

2020-жылдын 1-апрель күнү республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

 Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 15 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Талас облусу 

1.     17-АӨКБ

1 б

1 07:20 07:26 08:10 08:35 09:00   Талас шаары. Тагайбаев көчөсү. Жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 70 ч.м. чатыры, 100 түк чөп, 2 м3 отун жана 12 даана шифер күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
2.     17-АӨКБ

1 б

1 б

1 15:12

 

15:30

15:22 17:27 19:30 19:44

 

16:21

  Талас шаары. Кум-Арык айылы, Казаков көчөсү. Жалпы аянты 75 ч.м. сарай толугу менен, 80 түк чөп, 4 тонна буурчак сабагы жана 1 торпок күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 2ствБ
3.     91-ӨКБ

1 б

1 17:06 17:45 17:57 18:18

 

19:20   Кара-Буура району. Аманбаев айылы. Ачык аянтта 1 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
4.     17-АӨКБ

1 б

1 18:23 18:25 18:38 18:58 19:20   Талас шаары. Нуржанов көчөсү. Турак үйдүн короосунда 20 ч.м. куураган чөп жана 2 ажааткана күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу. 1ствБ

Чүй облусу

5.     4-ӨКБ

1 б

1 12:44 13:30 13:35 14:04 14:45   Ысык-Ата району. Сын-Таш айылы. Ачык аянтта 3 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. кол каражат
6.     27-АӨКБ

1 б

1 14:27 14:52 15:00 15:14 15:37   Ысык-Ата району. Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 15-чакырымында 1 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
7.     23-АӨКБ

1 б

1 20:18 20:25 21:00 21:25 21:55   Сокулук району. Сокулук айылы, Ленинградский көчөсү. Жыгач устундуу темир жабылган мончонун 66 ч.м. чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ
8.     27-АӨКБ

1 б

1 20:41 20:51 20:53 20:58 21:22   Ысык-Ата району. Кант шаары. Свердлов көчөсү. Аянты 15 ч.м. гараж толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1ствБ
9.     1-ӨКБ

АКУ

5 кут.

1 21:48 23:01 23:37 00:00 01:40   Аламүдүн району. Байтик айылы, Байгелди тоосунун боорунда 11 га куураган чөп күйгөн.  Өрттүн себеби такталууда. кол каражат

Ысык-Көл облусу

10.                       31-ӨКБ

1 б

1 15:07 15:14 15:25 15:40 15:55   Ысык-Көл району. Чолпон-Ата шаары, Тоголок Молдо көчөсү. Жыгач устундуу тунике жабылган кампанын 2 ч.м. чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Нарын облусу

11.                       16-АӨКБ

1 б

1 19:57 20:10 тастыкталган жок 20:17   Нарын шаары. Раззаков көчөсү. Ачык аянтта таштанды күйүп жатат деген маалымат түшкөн. Өрт жөнүндө маалымат тастыкталган жок.
12.                       16-АӨКБ

1 б

1 19:58 20:12 20:20 20:32 20:46   Нарын шаары. Жусупов көчөсү. Нарын дарыясынын жээгинде 35 ч.м. таштанды жана бадалдар күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Жалал-Абад облусу

13.                       54-ӨКБ

1 б

1 14:01 14:07 14:10 14:50 15:28   Сузак району. Көк-Жаңгак шаары, Көк-Арт көчөсү. Короодо 1 га кара бүлдүркөн бадалдары күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу. 1ствБ

Ош облусу

14.                       53-ӨКБ

1 б

1 17:21 17:29 17:36 17:52 18:44   Өзгөн району. Өзгөн шаары, Фархад көчөсү. Турак үйдүн 15 ч.м. жыгач устуну күйгөн. Өрт жанаша жайгашкан турак үйдүн чатырына өтүп, 100 боо жүгөрү сабагы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

Баткен облусу

15.                       42-ӨКБ

1 б

1 06:23 06:26 06:30 06:35 07:08   Кызыл-Кыя шаары. Исфайран көчөсүндө жайгашкан электр карагайы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. 1ствБ

 

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here