Жалал-Абадда кооптуу делген аймактарда атайын алдын алуу жумуштары жүргүзүлүүдө

0
263 просмотров

Жалал-Абад облусунун аймагында КР ӨКМдин “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чарасы алкагында алдын-алуу иштери башталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 2020-жылга атайын түзүлгөн мерчемдин негизинде 76 объект бекитилген. Анын ичинен 20 обьектиде жумуш жүргүзүлүп, 18 обьектиде жумуш аяктап, 2 обьектиде жумуш улантылууда.
КР ӨКМнин техникалары менен азыркы учурда 18 объектиде механикалык жумуштары бүткөрүлүп, Таш-Көмүр шаарынын Теңдик аймактык башкармалыгынын Кош-Терек айылындагы жана Суранкулов көчөсүндөгү сел өтүүчү сайларды тазалоо жумуштары аткарылып жатат.
Натыйжада 961 турак жай, 2 мектеп, 727 га аянт жери корголот.

КР ӨКМдин Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here