Өзбекстандан берилген гуманитардык жардам кабыл алынды

0
26 просмотров

Бүгүн, 2020-жылдын 2-апрели күнү Өзбекстан Республикасы тарабынан берилген гуманитардык жардам иретиндеги ун, коргоочу комбинезон, бир жолку колдонуучу респиратор, бир жолку колдонуучу колкап жана башка санитардык дезинфекциялоо үчүн колдонуучу каражаттарын КР ӨКМ  кабыл алды.

Жардамды Ош облусунда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Башкы инспектору капитан Бабур Эшматов, Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Андижан облустук  башкармалыгынын башчысынын орун басарынын катышуусунда өткөрүлүп берилди.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаровдун буйругу менен гуманитардык жүктү кабыл алып, жерине жеткирүү иштери үчүн КР ӨКМдин техникалары жана базасы даярдалган.

Кабыл алуу иштерин уюштуруу министрдин орун басары Равшан Рысбаевге тапшырылган.

Гумжардамдын курамы:

  1. Ун – 1000 тонна;
  2. Коргоочу комбинезон-7000 даана;
  3. Бир жолку колдонуучу респиратор – 7000 даана;
  4. Бир жолку колдонуучу колкап – 20 000 даана;
  5. Коргоочу көзайнек -500 даана;
  6. Пирометр – 200 даана.

Гумжардам КР ӨКМдин бириккен кампасына жеткирилет.

Бөлүштүрүү иштерин Өкмөт тарабынан жүргүзүлөт.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here