2020-жылдын 2-апрели саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
279 просмотров

Шашылыш билдирүү

2020-жылдын 2-апрелинде Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. 2-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, түнкүсүн тоо этектеринде жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

3-апрелде Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана Талас облусунун кээ бир дыйканчылык аймактарында 0…-2° үшүк, 4-апрелде Ысык-Көл облусунун кээ бир дыйканчылык аймактарында -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет.

2-апрелинен 3-апрелине чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 67-107 чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 71-74 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-93 чакырымында (Кара-Гөө ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым участокторунда тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Аткарылган иш-чаралар: Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2020-жылдын 30-мартында №02-34/293-Т жана 2020-жылдын 31-мартында №02-34/298-Т телефонограммалары чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

2-апрель күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас  облусунунун  кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Сейсмологиялык абал боюнча

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 1-апрель күнү саат 19:50дө Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан, Ата-Мерек, Кызыл-Туу, Алчалуу айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Сутка ичинде республиканын аймагында 5 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 6 бөлүм тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Чүй облусу 

1.     22-АӨКБ

1 б

1 20:55 21:00 21:03 21:22 21:25  

Жайыл району. Кара-Балта шаарынын Железнодорожный көчөсүндө “Ауди 80”  үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ
2.     4-ӨКБ

1 б

1 01:05 01:25 01:35 02:40 03:10  

Ысык-Ата району, Красная-Речка айылы, Ленин көчөсү. Жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 35 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

Жалал-Абад облусу

3.     46 20-АӨКБ

1 б

1 б

1 16:38

 

17:17

17:01

 

17:19

17:22 18:00 18:10

 

17:36

 

Жалал-Абад шаары, Пушкин көчөсү,  дүкөндүн 18 чарчы метр ички жасалгасы жана ичиндеги азык-түлүктөр толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу.

2ствБ

Ысык-Көл облусу

4.     34-ӨКБ

1 б

1 14:59 15:08 15:13 17:50 18:17  

Түп району, Түп айылы, Бошкоев көчөсү.  Короодо жыйылган 100 түк саман жана 10 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ
5.     34-ӨКБ

1 б

1 20:27 20:51 21:10 22:00 22:38  

Түп району, Ак-Булуң айылы, Южный көчөсү.  Жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 12 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

1ствБ

 

КР ӨКМдин Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here