2020-жылдын 6-апрели саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
328 просмотров

 2020-жылдын 6-апрель күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

 

Ош облусу

Кара-Суу районунда 2020-жылы 5-апрель күнү саат 23:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен арыктан суу ашып, Фурхат айылынын Зулпуев көчөсүндөгү турак үйлөрдүн жер төлөөлөрүн жана короолорун суу каптаган.

Тазалоо иштерине Кара-Суу райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлер, №102 ӨКБдан 3 куткаруучу жана  райондук ЖК комиссиясы тартылган.

Жеринде куткаруучулар мотопомпанын жардамында сууну сордуруу иштерин жүргүзүшкөн.

Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иш-чараларын жүргүзүүдө.

 

Сейсмологиялык абал боюнча маалымат

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 5-апрель күнү саат 16:06да Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 6-апрель күнү саат 04:59да Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кызыл-Жар, Жаргалаң айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. 

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 11 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8

9

10 11

Чүй облусу 

1.     2-АӨКБ

1 б

 

1 10:54 11:01 12:16 13:11 13:31   Аламүдүн району, Ак-Жар жаңы конушу, 22-көчөсү, турак үйдүн жыгач устундуу шифер менен жабылган 40 чарчы метр бастырмасы жана 100 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу. 1 ствБ
2.     22-АӨКБ

1 б

1 8:55 09:03 09:08 09:20 09:25   Жайыл району, Фёдоровка айылы, Совет көчөсү, ачык аянтта 200 чарчы метр куураган чөп жана камыш күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ

 

3.     1-ӨКБ

1 б

1 15:00 15:40 16:12 16:27 17:33   Аламүдүн району, Таш-Дөбө айылы ачык аянтта 1 га куураган чөп күйгөн.  Өрттун себеби: такталууда. кол

кар-т

Жалал-Абад облусу

4.     58-ӨКБ

1 б

1 08:55 08:59 09:01 09:50 10:00   Сузак району, Айым-Арал айылы,  Достук көчөсү, турак үйдүн ичинде аянты 90 чарчы метр болгон эмерек жыйноо цехи күйгөн. Өрттун себеби: такталууда. 2 ствБ

Ысык-Көл облусу

5.     15-АӨКБ

1 б

1 11:12 11:16 11:18 11:26 11:55   Каракол шаары, Бограмена көчөсү, турак үйдө газ балонунун редуктору күйгөн. Өрттүн себеби: тиричилик газ буюмдарды пайдаланууда эреженин бузулушу. 1 ствБ
6.     19-АӨКБ

1 б

1 21:14 21:19 21:22 21:39 22:30   Балыкчы шаары, Абдрахманов көчөсүндө 1 м3 таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ

Ош облусу

7.     53-ӨКБ

1 б

1 15:02 15:12 15:56 16:08 17:00   Өзгөн району, Дөң-Булак айыл аймагы, Мазар-Булак көчөсү, мончонун 12 чарчы метр жыгач шыбы куйгөн. Өрттүн себеби: мордун туура эмес түзүлүшү. 1 ствБ

Нарын облусу

8.     47- 47-ӨКБ

1 б

1 15:38 15:43 15:53 16:53 17:15   Ак-Талаа району, Баетов айылы, М. Сулайманов көчөсү №4 үйүнүн короосунда 1 тонна жыйылган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: балдардын от менен шоктугу. 1 ствБ

Талас облусу

9.     17-АӨКБ

1 б

1 20:37 жеткенге чейин 21:31   Талас району, Кара-Суу айыл аймагы, ачык аянтта куураган чөп күйүп жатат деген маалымат түшкөн. Өрттүн себеби:  такталууда.

Баткенская область

10.                       75-ӨКБ

1 б

76-ӨКБ

1 б

1 23:41

 

00:49

00:11

 

01:25

 

01:46

 

04:11

 

04:50

 

 

Кадамжай району, Марказ  айыл аймагы, Көк-Талаа айылы,  А.Хаджаев көчөсү,  мал сарайдын  96 чарчы метр чатыры жана 4 тонна  чөп.  Өрттүн себеби: такталууда. 4ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болду:

Ысык-Көл облусу

Жети-Өгүз районунда 27-март күнү Боз-Бешик айылынын тургуну 2003-ж.т. (эркек бала) көл жээгине кеткен бойдон дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Издөө иштеринин натыйжасында куткаруучулар саат 17:15те маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here