2020-жылдын 7-апрели саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
141 просмотров

Шашылыш билдирүү: 8-9-апрелдеринде аймагында аба-ырайынын кескин  өзгөрүлүшү күтүлөт! 

2020-жылдын 8-9-апрелдеринде Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин  өзгөрүлүшү күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы, 9-апрелде Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы, Нарын облусунда жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы кескин төмөндөйт.

9-10-апрелдерде Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3° үшүк, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк, 10-11-апрелдерде Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү өрүктүн гүлдөгөн жана гүлдөп гүлү түшкөн бүчүрлөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторуна коркунуч алып келет.

8-апрелинен 10-апрелине чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы),

Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 71-74-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-93-чакырымында (Кара-Гөө ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым участокторунда  тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

КР ӨКМнин адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында 2020-жылдын 06-апрелинде №02-34/318-Т жана №02-34/319-Т телефонограммалары чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 

2020-жылдын 7-апрель күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Күндүз Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Жалал-Абад облусу

Базар-Коргон районунда 2020-жылдын 5-апрелден 6-апрелге караган түнү жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары, Могол айыл аймагынын Базар-Коргон–Арсланбап унаа жолунун 44-45-чакырым аралыктарын жана Улаачы тилкесинде 3 турак үйдүн короолорун каптаган.

Тазалоо иштерине КР ӨКМнин Базар-Коргон райондук бөлүм башчысы, №50 ЖТИден  1 грейдер, айыл аймак тарабынан 1 грейдер жана жергиликтүү тургундардан 12 адам тартылып. Тазалоо иш-чаралары саат 11:40та толугу менен бүткөрүлгөн.

Ош облусу

Кара-Суу районунда 2020-жылы 5-апрель күнү саат 23:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен арыктан суу ашып, Мады айыл аймагынын Кыргыз-Чек айылында 6 турак үйдүн короосун, 5 турак үйдүн жер төлөөсүн, Нариман айыл аймагынын Беш-Мойнок айылында 5 турак үйдүн короосун, ички чарбалык унаа жолдун 4,5 чакырым аралыгын жана Шарк айыл аймагынын Фуркат айылында 2 турак үйдүн жер төлөөсүн, Ош-Гүлчө-Сары-Таш унаа жолунун 7-9-чакырым аралыктарын суу каптаган.

Тазалоо иштерине КР ӨКМнин Кара-Суу райондук бөлүмүнөн 10 кызматкер, №21 ЖТИден 1 грейдер, айыл аймактардан 2 экскаватор жана жергиликтүү тургундардан 50 адам тартылган.

6-апрель күнү тартылган күчтөрдүн жардамында селдин кесепеттерин жоюу иш-чаралары толугу менен аяктаган.

Араван районунда алдын ала алынган маалымат боюнча Керме-Тоо айыл аймагынын Кульцентр-Кичи-Алай ички чарбалык унаа жолунун 12-чакырымында  4000м3 кар көчкү түшүп, унаа жолу жабылган.

Жабыркагандар жок.

Унаа жолду тазалоо үчүн №21 жол тейлөө ишканасы тарабынан техника тартылат.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 4 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 4 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Ош шаары 

1.     4-АӨКБ

1 б

1 11:16 11:21 11:27 11:52 12:05   Ленин району, Чуйков көчөсү, “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү жана салону күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Баткен облусу

2.     26-ӨКБ

1 б

1 12:32 12:40 12:43 12:46 13:06   Баткен шаары, Нуриев көчөсү, турак үйдүн бөлмөсүндө газ баллон күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ысык-Көл облусу

3.     39-ӨКБ

1 б

1 15:34 15:37 16:02 16:24 16:47   Ак-Суу району, Теплоключенко айылы, Тыныстанова көчөсү, аянты  20 чарчы метр болгон сарай толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: отко этиятсыз мамиле кылуу. 1ствБ

Ош облусу

4.     71-ӨКБ

1 б

1 01:21 01:27 01:55 02:04 02:51   Ноокат району, Ноокат шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан имараттын   бөлмөсүндө электр калканы күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

 

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here