2020-жылдын 8-апрели  саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
330 просмотров

Шашылыш билдирүү!

2020-жылдын 8-9-апрелинде Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин  өзгөрүлүшү күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы, 9-апрелде Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы, Нарын облусунда жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы кескин төмөндөйт.

9-10-апрелде Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3° үшүк, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк, 10-11-апрелдерде Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү өрүктүн гүлдөгөн жана гүлдөп гүлү түшкөн бүчүрлөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторуна коркунуч алып келет.

8-апрелден 10-апрелге чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы),

Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 71-74-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-93-чакырымында (Кара-Гөө ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым участокторунда  тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

КР ӨКМнин адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2020-жылдын 6-апрелинде №02-34/318-Т жана №02-34/319-Т телефонограммалары чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

 2020-жылдын 8-апрель күнү республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ош шаары

2020-жылдын 7-апрель күнү саат 19:30 чамасында Репина көчөсүндө жайгашкан №22 турак үйдөн өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен жалпы аянты 250 чарчы метр болгон түрак үй толугу менен күйгөн.

Жабыркагандар жана каза болгондор жок.

         Өрт өчүрүүгө Ош шаардык №109 ӨКБдан 1 бөлүм, №12 АӨКБдан 2 бөлүм, №85 ӨКБдан 1 бөлүм, №13 АӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 5 бөлүм, өрттү өчүрүү штабы, башкармалыктын ыкчам тобу жана ККББнын ыкчам топ КБП (ППУ) унаасы менен тартылган. Мындан сырткары ИИМден 1 экипаж, медициналык тез жардам кызматынан 1 бригада жана РЭТ мекемесинен 1 бригада тартылган.

Өрт саат 20:20да чектөөгө алынып, саат 00:56да толук өчүрүлгөн. Учурда келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Ош облусу

Араван районунда 2020-жылдын 6-апрель күнү Керме-Тоо айыл аймагынын Кульцентр-Кичи-Алай ички чарбалык унаа жолунун 12-чакырымында  4000м3 кар көчкү түшүп, унаа жолу жабылган.

Жабыркагандар жок.

Тазалоо иштерине №21 ЖТИден 1 жүктөгүч тартылган.

7-апрель күнү тартылган техниканын жардамында саат 16:15те унаа жол толук тазаланып ачылган.

Сейсмологиялык абал боюнча маалымат

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 8-апрель күнү саат 02:18де Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Жалал-Абал облусунун Аксы районунун Мундуз айылында 3 балл, Ак-Сай жана Сары-Кашка айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 03:51де Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын чектешкен аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Көк-Суу айылында 4 балл, Нура айылында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 4 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 8 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Катар № Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Ош шаары

1.     109-ӨКБ

1 б

12-АӨКБ

1 б

85-ӨКБ

1 б

12-АӨКБ

1 б

13-АӨКБ

1 б

1 19:33

 

19:40

 

19:56

 

19:57

 

20:03

19:41

 

19:56

 

20:05

 

20:19

 

20:19

20:20 00:56 01:01

 

01:11

 

01:05

 

21:23

 

22:29

  Репина көчөсү №22, өрттүн кесепетинен жалпы аянты 250 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 5ствБ

Чүй облусу

2.     5-АӨКБ

1 б

1 01:18 01:42 02:48 05:53 06:20   Аламүдүн району, Панорама дачасы, 5-линия көчөсү, өрттүн кесепетинен жалпы аянты 100 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
3.     27-АӨКБ

1 б

1 03:10 03:23 03:28 03:42 04:00   Ысык-Ата району, Новопокровка айылы, Ленин көчөсү, жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 15 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Ысык-Көл облусу

4.     19-АӨКБ

1 б

1 14:13 14:34 15:18 17:00 20:00  

Тоң району, Көк-Мойнок-2 айылына жакын жерде ачык аянтта 80 сотык куураган чөп жана электр мамычасы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.

1ствБ

КР ӨКМнин басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here