1-7-майда Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы

0
91 просмотров

1-5-майларда Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба-ырайы

1-майда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

2-майда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймктарда жана Талас облусунда  жаан-чачын күтүлбөйт. 2-майда күндүз жана 3-майда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

3-майда күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

4-майда түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

 4-майда күндүз жана 5-майда  жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-3- майларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

1-5-майларда Бишкек шаарында күтүлгөн  аба-ырайы

1-майда жана  2-майда жаан-чачын күтүлбөйт.

3-майда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

4-5-майларда жаан-чачын күтүлбөйт

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

1-5-майларда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба-ырайы

1-майда Ош облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

2-майда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

2-майда күндүз жана 3-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

3-майда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

4-майда жана  5-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 5-майда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо  кар жаашы күтүлөт.

 Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-3-майларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

1-5-майларда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба-ырайы

1-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

1-майда күндүз жана 2-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

2-майда күндүз жана 3-майда тункүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

3-майда күндүз жана 4-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

4-майда күндүз жана 5-майда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, 2-майда күндүз жана 3-майда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

1-5-майларда Каракол  жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба-ырайы

1-майда түнкүсүн  жаан жаап, күн күркүрөшү күтү…

1-5-майларда Нарын облусунда  күтүлгөн аба-ырайы

1-майда жана 2-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

2-майда күндүз жана 3-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

4-майда түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

4-майда күндүз жана 5-майда  жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

6-7-майларда Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайынын жакындатылган болжолдоосу

6-7-майларда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Бишкек шаарынын атмосфералык абасынын булгануусунун абалы боюнча 2020-жылдын 29-апрелине жана 30-апрелине маалымат

Кыргызгидрометтин Айлана чөйрөнүн булгануусун байкоо башкармалыгынын маалыматы боюнча өткөн күнү Бишкек шаарындагы атмосфералык абадагы негизги  аныкталган кирдетүүчү заттардын орточо суткалык кармалышы салыштырмалуу төмөн деңгээлде болду.

Автоматтык станция:

Аныкталуучу кирдетүүчү заттардын концентрациясы белгиленген нормативдерден ашкан эмес.

30.04.2020-ж.

Булгоочу заттардын концентрациялары эртеӊ мененки саат 10:00дө төмөнкүдөй болду:

Булгоочу зат  Концентрация ЧДКб.ж.ч.ѳ.            ЧДКб.ж.ч.ѳ.

болгон үлүшү

Көмүртек кычкылы 2,83 мг/м3      5 мг/м3           0,57

Азот кычкылы          28,18 мкг/м3  400 мкг/м3     0,07

Азот кошкычкылы   24,10 мкг/м3  85 мкг/м3       0,28

Күкүрт кошкычкылы 3,39 мкг/м3 500 мкг/м3     0,01

Майда дисперстүү катуу бѳлүкчѳлѳр РМ2,5 1,00 мкг/м3          160 мкг/м3     0,01

Өлкөлөр жана шаарлардагы майда дисперстүү катуу бөлүкчөлөр РМ2,5 кармалышы боюнча абанын булгануу индексин (AQI) www.airnow.gov сайтында көрө аласыздар.

Билдирүү:

ЧДКо.с. – орточо суткалык чектүү деӊгээлдеги концентрация;

ЧДКб.ж.ө.с. – бир жолку чоӊ өлчөмдөгү чектүү деӊгээлдеги концентрация;

(”Калктуу жерлердин атмосфералык абасындагы булгоочу заттардын чектүү деӊгээлдеги концентрациялары” гигиеналык нормативдери  (№17 тиркеме). 2016-жылдын 11-апрелиндеги КР Өкмөтүнүн №201-Токтому менен бекитилген).

Эскертүү: Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө КРнын Мыйзамына ылайык Кыргызгидромет атмосфералык абанын булгануусуна байкоо жүргүзөт жана атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына чечимдерди кабыл алуу үчүн маалыматты жеткирип турат.

Кошумча маалыматты Кыргызигдрометтин сайтынан көрсө болот http://meteo.kg/http://gov.meteo.kg/?map=5. Байланыш телефону: атмоферанын булгануусун байкоо бөлүмү — 314677,w/a +996553903620

КР ӨКМ Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here