Министр Замирбек Аскаров Ыссык-Көл облусундагы ӨКМ тарабынан жүргүзүлүп жаткан алдын алуу иш-аракеттерин текшерди

0
111 просмотров

Бүгүн 2020-жылдын 21-май күнү Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ыссык-Көл районунун Чок-Тал айыл аймагынын Чоң-Сары-Ой айылынын түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан Күйгөн-Кашар участогундагы алдын алуу иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Бүгүнкү күнгө чейин сел каналын казуу иштери 80% аяктаган, натыйжада 20 турак үй имараттары, айдоо аянттары, айыл көрүстөнү жана ички чарбалык жолдор суу ташкыны коркунучунан корголгон.

Андан соң министр Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Тогуз-Булак каналынын абалы менен таанышып, анда сел келүүчү каналды андан ары куруу маселеси жеринде талкууланды. 2018-жылы 1277 метр, 2019-жылы 285 метр курулган. Иш мерчемдин негизинде бул жылы 536 метр курулуш жүргүзүлөт. Тогуз-Булак каналынын жалпы узундугу 1816 метрди түзөт. Бул канал 150 үйдү, 30 кафени, 5 банкты дүкөндөрдү жана «Рух-Ордо» маданий борборун селден сактайт.

Бул каналдын курулушун улантуу үчүн буга чейин курулуп калган коммуналдык, суу жана башка тармактардын маселелерин чечүү керек.

Министр Замирбек Аскаров Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысы, полковник Замирбек Жумагазиевге ушул аймактын мындан аркы иштерин жүргүзүү үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте тез арада бардык маселелерди чечүүнү тапшырды.

 КР Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here