Ысык-Көл облусунда жээктерди коргоо маселелери талкууланды

0
138 просмотров

Бүгүн, 2020-жылдын 22-май күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Ысык-Көл облусунда болгон иш сапарынын негизинде Каракол дарыясынын жээгиндеги коркунуч жараткан участокторду кыдырды.

 Каракол шаарында узундугу 330 метр болгон жээкти коргоо маселеси каралды. Жумуштун натыйжасында 20 турак үйдүн имараты, Бөрү-Баш унаа жолу, сүт заводу, жогорку чыңалуудагы электр чубалгылары жана курулуштар сакталаары айтылды.

 Андан соң министр Каракол шаарындагы Бөрү-Баш айылына барып, дарыянын жээги суу көп келген мезгилде желип, айылдагы айрым турак үйлөрдү жана социалдык объектилерди суу каптап кетүү коркунучу болгондуктан, узундугу 450 метрге жакын жээкти бекемдөө иштерин аткаруу маселеси талкууланды. Жумуштар аткарылса, 35 турак үй, бакчалар жана жайыт участоктору корголот.

 Министр Замирбек Аскаров аталган кооптуу участкаларда коргоо иштерин 2021-жылдын иш мерчемине киргизүүнү тиешелүү башкармалыктардын башчыларына тапшырма берди, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан табигый кырсыктардын кесепеттерин азайтуу үчүн капиталдык коргоо иштерин жүргүзүүгө долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууну жана жумуштар башталгычакты убактылуу алдын алуу чараларын жасаш керектигин баса белгиледи.

 Каракол дарыясы түштүктөн түндүккө агып, Бөрү-Баш айылынан өтүп, көлгө агат. Каракол дарыясынын жалпы узундугу 45 км, өткөрүмдүүлүгү 40 м 3, ал 1,0-3,5 м/с ылдамдык менен агат. Жай мезгилинде мөңгүлөрдүн эришинен улам суунун деңгээли көтөрүлүп, жээктер эрозияга дуушар болот.
2015-жылы 37 турак үйдү жана 30 гектар жайытты суу каптап кетүү коркунучу пайда болгон.

Эскерте кетсек, министрдин иш сапарынын негизги максаты региондогу кооптуу делген объекттерди кыдырып, табигый кырсыктардын алдын алуу багытында тиешелүү маселелерди жеринен чечүү жана жергиликтүү калк менен жолугушуу болуп саналат.
Жумушчу сапарга министрликтин тиешелүү башкармалыктарынын башчылары жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышууда.
Министрдин иш сапары уланууда.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here