Кен калдыктар боюнча маалымат

0
57 просмотров

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагындагы калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары боюнча маалымат 

КР ӨКМдин карамагында 60 объект бар, анын ичинде 33 калдык сактоочу жайлар жана 27 кен калдыктар, алардын жалпы көлөмү 11,54 млн. м3 түзөт (5,84 млн. м³ — радиоактивдүү; 5,7 млн. м³ — токсикалык).

  • Майлуу-Суу шаарында — 23 калдык сактоочу жайы жана 13 кен калдыктары жайгашкан (радиактивдүү, көлөмү – 3,1 млн. м³);
  • Шекафтар шаарчасында — 8 кен калдыктары (радиактивдүү, көлөмү – 0,3 млн. м³);
  • Сумсар шаарчасында — 3 калдык сактоочу жайы (токсикалык, көлөмү – 4,1 млн. м³);
  • Миң-Куш шаарчасында — 4 калдык сактоочу жайы жана 4 кен калдыктары, (радиоактивдүү, көлөмү — 2,0 млн. м³);
  • Кажы-Сай шаарчасында — 1 калдык сактоочу жай (радиактивдүү, көлөмү – 0,4 млн. м³);
  • Кан (Совет) шаарчасында — 2 калдык сактоочу жайы (токсикалык, көлөмү – 1,6 млн. м³);
  • Таш-Көмүр шаарына караштуу Кызыл-Жар №12 шаарчасында — 1 кен калдыгы (радиактивдүү, көлөмү – 37,0 миӊ. м³);
  • Ноокат районунун Кара-Таш шаарчасында — 1 (Туя-Моюн) кен калдыгы (радиактивдүү, көлөмү – 3,0 миӊ. м³).

Эскертүү: КР ӨКМнин карамагындагы калдык сактоочу жайлары жана кен калдыктары КР Өкмөтүнүн 1999-жылдын 23-мартындагы № 161 «Иштетилип бүткөн кен иштетүү ишканаларынын калдык сактоочу жайларын жана кен алынгандан кийинки тектерин КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайра бекитип берүү жана аларды реабилитациялоо чаралары жөнүндө» токтому менен жөнгө салынат.

Калдык сактоочу жайлар 1966-1973-жылдар аралыгында жабылган. Алардын көпчүлүгү трансчегаралык дарыялардын бассейндерине, сейсмикалык зоналарга, жер көчкү коркунучу бар аймактарга жакын жайгашкан. Калдык сактоочу жайларды долбоорлоодо жана курууда аларды жаратылыш процесстеринин таасиринен коргоо боюнча узак мөөнөттүү чаралар каралган эмес.

Мындан тышкары, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында калдык сактоочу жайларды реабилитациялоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө жана эл аралык донордук жардамды тартуу боюнча иштер алып барылууда, анткени калдык сактоочу жайлар менен байланышкан көйгөйлөрдү комплекстүү чечүү, анын ичинде алар жайгашкан аймактардагы табигый кырсыктардын тобокелдигин төмөндөтүү үчүн каражаттардын көптүгү жана ар тараптуу аракеттер талап кылынат.

Кыргыз Республикасынын аймагындагы уран калдык сактоочу жайларынын жана кен калдыктарынын жайгашуу картасы

Көйгөйлөрдү чечүү жолдору: 

Мурунку тоо-кен өндүрүшүнүн калдык сактоочу жайлары менен иштөөдө иш-аракеттердин багыттарын артыкчылыктуу чаралардын тобун бөлүп кароо керек:-       калдык сактоочу жайларда радиоэкологиялык кесепеттери бар өзгөчө кырдаалдардын келип чыгышын алдын алуу;-       калктын ден-соолугуна жана айлана-чөйрөгө олуттуу зыян келтирүүнүн алдын алуу. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча агенттиги тарабынан төмөнкү иш-чаралар аткарылууда:

  • Ылдам кийлигишүүнү талап кылган объектердин ведомстволор аралык реестрин түзүү менен бирге мурунку тоо-кен өндүрүшүнүн ишмердүүлүгүнүн натыйжасында радиоактивдүү заттар менен булганган аймактардын, калдык сактоочу жайлардын инженердик-радиациялык абалын комплекстүү изилдөө;
  • Объектилерде мониторинг жүргүзүүнүн тутумун өнүктүрүү. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2015-жылдын 20-ноябрындагы №1241 буйругу “Кыргыз Республикасында мурдагы уран өндүрүшүнүн объектилерин ведомстволук көзөмөлдөө жана айлана-чөйрөгө мониторинг жүргүзүү тутумун колдоо Программасы” менен бекитилген.

Бул Программа келечекте калктын нуралануусуна жана айлана-чөйрөнүн булганышына олуттуу таасир берген объектилерде жана андан чыккан нурланууга мониторинг жүргүзүүдө комплекстүү жумуштарды аткарууга багытталган.

Коопсуздукту баалоо жол-жоболоруна ылайык, төмөнкүлөрдү аткаруу зарыл: тутумду жазып чыгуу; объектинин айлана-чөйрөгө тийгизген таасиринин өзгөчөлүктөрүн билүү; байкоо жүргүзүү үчүн артыкчылыктуу объекттерди — булгануунун булактарын, ошондой эле айлана-чөйрөнүн алсыз элементтерин жана радиоактивдүү же башка булгоочу элементтерди ташуу жолдорун белгилөө, бул байкоо пункттарынын саны, бат баттан үлгүү алып туруу, талаа өлчөөлөрүн, аналитикалык жумуштарды жүргүзүү. Бул иш-аралар көйгөйдү деталдуу ар тараптуу изилдөө (скрининг) учурунда чечилет, ал реабилитациялоо иш-аракеттеринин артыкчылыктарын аныктоодо өз өзүнчө мамиле жасоого мүмкүндүк берет.

Негизи, объекттерди билүү даражасына жараша изилдөө мөөнөтү 2 жылдан 5 жылга чейин.

  • Калдык сактоочу жайлардын коргоочу курулмаларын жумушчу абалда кармоо максатында, бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жыл сайын авариялык-калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзөт.

Мындан тышкары, акыркы жылдары инвестицияларды тартуу боюнча иш-чаралардын натыйжасында калдык сактоочу жайларда эл аралык уюмдар жана донорлор тарабынан каржыланган бир катар долбоорлор ишке ашырылууда:

  1. 2013-жылдан тартып, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин (КМШ) форматында “Уран өндүрүшүнүн таасирине кабылган мамлекеттердин аймактарын рекультивациялоо” мамлекеттер аралык максаттуу программасы ишке ашырылууда. Программанын алкагында Кажы-Сай жана Миӊ-Куш шаарчаларындагы калдык сактоочу жайларын рекультивациялоо каралган. Программаны ишке ашыруу мөөнөтү 2013-2023-жж.
  2. 2017-жылдан тартып Европа Бирлигинин “KG 4.01/14: Майлуу-Суу шаарындагы уран өндүрүшүнүн мурунку объектилерин Курчап турган чөйрөгө тийгизген таасирин комплекстүү баалоо жана реабилитациялоонун техникалык-экономикалык негиздемеси” долбоору ишке ашырылууда. Бул иш-чаралар Майлуу-Суу шаарынын объектилери үчүн ремедиациялоо (рекультивациялоо) варианттарын аныктоого багытталган.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here