Жалал-Абад облусунун аймагында “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чарасы улантылууда

0
65 просмотров

КР ӨКМнин Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Көк-Серек айыл  аймагынын Тенги айылында нөшөрлөп жааган жаан-чачындан улам, кокту-колоттордон келген сел суулары Көк-Серек суусунун нугун шагыл таштарга толтуруп, Көк-Серек суусу ташкындап айрым жээктерин бузуп, сайга катарлаш жайгашкан 35 кожолуктун турак үйлөрүнө жана ички автоунаа жолдоруна кооптуу абал жаралган.

Келип чыккан кооптуулуктун алдын алып, материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында КР ӨКМнин 2020-жылдагы “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” мерчемине ылайык 1500 метр аралыкта Көк-Серек суусунун нугун буруу, тазалоо иштери киргизилип, КР ӨКМнен 1 бирдик экскватор бөлүнүп Көк-Серек суусунун нугун тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Натыйжада 35 турак жай, 300 метр ички чарбалык жол корголот.

Жалал-Абад облусу боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 2020-жылга «Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу» иш-чарасынын  мерчемине 76 объект киргизилген. Анын ичинен 34 объектиде жумуш жүргүзүлүп, 30 объектиде жумуш аяктап, учурда 4 объектиде жумуш жүрүүдө.

Натыйжада облус боюнча 1117 турак жай,  2 мектеп,  2 бала бакча,  2 ФАП, 2 мечит, 1 насостук станция, 1800 метр автоунаа жол, 762 га айыл чарба жери корголот.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here