2020-жылдын 18-июну саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
227 просмотров

Шашылыш билдирүү!

2020-жылдын 18-июнунда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Ошол себептен, коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

КР ӨКМдин тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2020-жылдын 16-июнь күнү №02-34/479-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

2020-жылдын 18-июнь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Ош облусунун көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусу

Нарын шаарында 2020-жылдын 3-июнь күнү саат 16:00 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен коктулардан келген сел суулары Чоң-Нарын каналынан ашып, Батыш, Алма-Бак, Ак-Коргон, Көтөрмө тилкелеринде жайгашкан 114 турак үйдү каптап анын ичинен 56 турак үйдүн ичине жана короосуна, 50 турак үйдүн короосуна, 3 көп кабаттуу үйдүн жер төлөөсүнө сел суулары кирип, 5 турак үй авариялык абалга келген. Ошондой эле  көчөлөрдү жана ички чарбалык унаа жолдорду кум шагылдарга толтурган.

17-июнь күнү жер ылай болгондугуна жана жерине техника кирүүгө мүмкүнчүлүк жок болгондугуна байланыштуу, иш-чаралар убактылуу аткарылган жок.

 6-июнь күнү КР ӨКМнин Нарын облусу боюнча башкармалыгы тарабынан турак үйү авариялык абалга келген жаранга 1 мобилдик турак үй (1 бөлмөлүү) бөлүнүп берилген. 18-июнь күнү тазалоо иш-чаралары жүргүзүлөт.

3-июндан 16-июнга чейин жалпы 106 турак үй сел калдыктарынан тазаланган.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 21 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 21 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.     3-ӨКБ

1 б

1 08:10 08:15 08:45 09:00   Свердлов району, Абдрахманов көчөсү №129, балкондун астында жайгашкан дүкөндүн 1 чарчы метр жыгач түтөгөн. Өрттүн себеби: такталууда. кол

кар-т

2.     6-ӨКБ

1 б

1 09:40 09:49 10:16 10:53 11:18   Ленин району, Ала-Тоо конушу, Бекназар көчөсү, “Эл-Айым” дүкөнүнүн ичинде 4 дана муздаткыч суусундуктары менен күйгөн. Өрттүн себеби: электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу. 1 ствБ
3.     7-ӨКБ

1 б

1 15:02 15:13 15:47 16:00 16:25   Октябрь району, Көк-Жар конушу, Куйручук көчөсү, ачык аянтта 600 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ
4.     28-ӨКБ

1 б

1 15:41 15:44 15:53 16:07 16:20   Ленин району, Чоң-Арык айылы,   ЭЭАнын аймагында ачык аянтта 50 чарчы метр куураган чөп жана таштанды таштоочу контейнерде таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ
5.     5-ӨКБ

1 б

1 17:52 жеткенге чейин 17:59   Октябрь району,  Ахунбаев жана Байтик Батыр көчөлөрүнүн кесилишинде тамак ташуучу унаа күйүп жатат деген маалымат түшкөн.  Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.
6.     4-ӨКБ

1 б

1 19:58 20:03 20:09 20:22 20:47   Ленин району, Кочкор көчөсү, турак уйдүн короосунда 30 чарчы метр куураган чөп жана 0,5 куб отун күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ
7.     5-ӨКБ

1 б

1 01:16 01:24 01:33 01:40 01:52   Биринчи Май району, Тыныстанов көчөсү №64, 2 кирмеде электр калканы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. кол кар-т
8.     4-ӨКБ

1 04:24 04:32 04:38 04:43 05:11   Октябрь району, Малдыбаев көчөсү, “Ала-Тоо” ресторанына караштуу 8 чарчы метр  күзөтчүнүн будкасы толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ

Чүй облусу

9.     27-ӨКБ

1

1 16:13 жеткенге чейин өрт өчүрүүгө чыгуу   Ысык-Ата району, Новопокровка айылы, Ленин көчөсү, ачык аянтта куураган чөптөн чыккан өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн.
10.                       27-ӨКБ

1

1 16:20 16:26 16:40 17:00 17:18 101 Ысык-Ата району, Новопокровка айылы, Чкалов көчөсү, турак үйдүн короосунда 30 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. кол кар-т
11.                       21-ӨКБ

1 б

1 17:47 17:57 18:12 18:20 18:40   Токмок шаары, Дунларов көчөсү, турак үйдүн короосунда 50 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ

Жалал-Абад облусу

12.                       78-ӨКБ

1 б

1 09:29 10:03 жеткенге чейин 10:47   Базар-Коргон району, Базар-Коргон айыл аймагы, Базар-Коргон айылы, А.Насиров көчөсү, жыгач устундуу шифер жабылган 12 чарчы метр мал сарайдын чатыры жана 10 түк чөп күйгөн.  Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ
13.                       57-ӨКБ

1 б

1 14:52 14:57 15:00 15:14 15:37   Таш-Көмүр шаары, Токтогул көчөсү, ачык аянтта 45 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ
14.                       56-ӨКБ

1 б

1 17:40 17:51 жеткенге чейин 18:20   Таш-Көмүр шаары, Шамалды-Сай шаарчасы, Кураев көчөсү, мал сарайда жыйылган 6 боо пахта сабагы күйгөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн. Өрттүн себеби: такталууда.
15.                       20-ӨКБ

1 б

1 19:37 19:40 19:43 19:59 20:14   Жалал-Абад шаары,  “Daewoo Matiz” үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ

Ысык-Көл облусу

16.                           15-ӨКБ

1 б

1 10:39 10:43 10:47 10:52 11:15   Каракол шаары, Алыбаков көчөсү, ачык аянтта 1,5 соток куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. 1 ствБ
17.                       36-ӨКБ

1 16:07 16:09 жеткенге чейин 16:43   Жети-Өгүз району, Кызыл-Суу айылы, Дзержинский көчөсү №54, өрт чыккан тууралу маалымат түшкөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. кол

кар-т

18.                       33-ӨКБ

1 б

1 16:50 17:00 17:15 17:55 18:20   Ысык-Көл району, Ананьево айылы, Гагарин көчөсү, бастырманын 25 чарчы метр аянты жана 30 түк чөп күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ

Ош облусу

19.                       68-ӨКБ

1 б

1 17:15 17:17 17:35 17:41 17:46   Алай району, Гүлчө айылы, Айсаралиев көчөсү, электр мамычасында электр зымдары күйгөн. Өрттүн себеби:  электр зымдарынын кыска туташуусу. 2 ствБ
20.                       64-ӨКБ

1 б

1 04:19 04:43 04:50 05:15 06:00   Араван району, Мангыт айыл аймагы, Жаңы-Арык айылы, Жаңы-Арык көчөсү, шифер жабылган кампанын 20 чарчы метр ичи, 2 муздаткыч жана үй-буюмдары толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ

Баткен облусу

21.                       62-ӨКБ

1 б

1 00:15 00:18 00:26 00:39 01:08   Кызыл-Кыя шаары, Асаналиев көчөсүндө аянты 7 чарчы метр таштанды күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 1 ствБ

Куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болгон.

Ош шаары

17-июнь күнү саат 10:46да Мирсатов көчөсүндө Увам каналына 1978-жылы туулган эркек киши түшүп кеткен.

Издөө иштерин жүргүзүүгө, КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Чүй облусу

Токмок шаарында 17-июнь күнү КР ӨКМнин №21 ӨКБ куткаруучулар 1-кичи районунда жайгашкан №21 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Нарын облусу

Жумгал районунда 5-июнь күнү Миң-Куш айылынын тургундары 1978-жылы туулган жана 1977-жылы туулган Өрнөк айылында жайгашкан Көкөмерен дарыясына балык кармоого кеткен боюнча дайынсыз.

17-июнь күнү издөө иштерин улантуу максатында, КР ӨКМнен 13 куткаруучу тартылган.

18-июнь күнү издөө иштери улантылат.

Нарын шаарында 17-июнь күнү саат 15:00 чамасында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Көтөрмө тилкесинде арыктан суу ашып, турак үйлөрдүн короолорун каптап кетүү коркунучу жаралган.

Жерине КР ӨКМнин Нарын шаардык №16 ӨКБдан куткаруучулары барып, суунун нугун буруу иштерин жүргүзүшүп, суу каптоо коркунучун жоюшкан.

Жалал-Абад облусу

Кара-Көл шаарында 14-июнь күнү Кара-Суу дарыясына 1989-жылы туулган  эркек адам түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

17-июнь күнү издөө иш-чараларын улантуу максатында КР ӨКМнен 11 куткаруучу, ИИМден 5 кызматкер тартылды.

18-июнь күнү издөө иштери улантылат.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here