2020-жылдын 19-июнь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат
Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Талас облусунунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Ош облусунун Кара-Суу районунда ири өрт кырсыгы катталды
Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагында 2020-жылдын 18-июнь күнү саат 13:50 чамасында Жаңы-Турмуш айылындагы Киров көчөсүндөгү болжол менен №31 турак үйдөн өрт чыккан.
Өрттүн кесепетинен Киров көчөсүндөгү жайгашкан жалпы аянты 235 чарчы метр болгон №31 турак үй жана жалпы аянты 190 чарчы метр №29 турак үйү жана сарайы, Мукумий көчөсүндө жайгашкан №28 үйүнүн аянты 100 чарчы метр болгон эки кабаттуу сарайы толук күйгөн.
Мындан сырткары Киров көчөсүндөгү №27 турак үйдүн 50 чарчы метр чатыры жана Мукумий көчөсүндөгү №26 турак үйдүн 40 чарчы метр чатыры күйгөн.
Өрттүн жалпы аянты 615 чарчы метр.
Жабыркагандар жана каза болгондор жок.
Өрттү өчүрүүгө Ош шаардык №13 АӨКБдан 2 бөлүм, Ош шаардык №12 ӨКБдан 1 бөлүм, райондук өзгөчө кырдаал бөлүмүнөн жана ККББдан ыкчам топ, мындан сырткары ИИМден 14 кызматкер, шаардык газ кызматынан 1 бригада, РЭТ мекемесинен 1 бригада жана тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган.
Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 15:18де чектөөгө алынып, саат 18:50дө толук өчүрүлгөн. Өрттүн чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.
Нарын облусу
Нарын шаарында 2020-жылдын 3-июнь күнү саат 16:00 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен коктулардан келген сел суулары Чоң-Нарын каналынан ашып, Батыш, Алма-Бак, Ак-Коргон, Көтөрмө тилкелеринде жайгашкан 114 турак үйдү каптап анын ичинен 56 турак үйдүн ичине жана короосуна, 50 турак үйдүн короосуна, 3 көп кабаттуу үйдүн жер төлөөсүнө сел суулары кирип, 5 турак үй авариялык абалга келген. Ошондой эле көчөлөрдү жана ички чарбалык унаа жолдорду кум шагылдарга толтурган. Жабыркагандар жана каза болгондор жок.
Өрттү өчүрүүгө Нарын шаардык №16 ӨКБдан 11 куткаруучу, Таза-Нарын ишканасынан 1 экскаватор, шаардык жылуулук тармагынан 1 Камаз тартылды.
18-июнь күнү тартылган күчтөрдүн жардамында 5 турак үйдүн короолору тазаланган.
6-июнь күнү КР ӨКМнин Нарын облусу боюнча башкармалыгы тарабынан турак үйү авариялык абалга келген жаранга 1 мобилдик турак үй (1 бөлмөлүү) бөлүнүп берилген. 18-июнь күнү тазалоо иш-чаралары жүргүзүлөт.
3-июндан 18-июнга чейин жалпы 111 турак үй сел калдыктарынан тазаланган.
- Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
III. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
- КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча
Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 14 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.
Катар № |
Бөлүм №
|
Өрттүн
категориясы
|
Убакыт | Билдирүү жолу
|
Дареги, маалыматы, өрттүн себеби
|
Берилген ствол
ГТКК
|
||||
чыгуу
саат/м |
жетүү
саат/м |
чектөө
саат/м |
толук
өчүрүү саат/м |
келүү саат/м |
||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 |
Бишкек шаары |
||||||||||
1. | 28-ӨКБ
1 б |
1 | 11:15 | 11:25 | 12:05 | 12:50 | 13:16 | Ленин району, Чоң-Арык айылы, ачык аянтта 2,5 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | кол каражат | |
2. | 7-ӨКБ
1 б |
1 | 19:31 | 19:44 | 19:50 | 20:07 | 20:44 | Свердлов району, Ч.Валиханов жана Л.Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде 200 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | |
3. | 3-ӨКБ
1 б |
1 | 21:18 | 21:21 | 21:32 | 21:43 | 22:35 | Свердлов району, Фрунзе жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде павильондун 60 чарчы метр ички пластик жасалгасы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | |
Чүй облусу |
||||||||||
4. | 7-ӨКБ
1 б |
1 | 13:16 | 13:25 | 14:32 | 14:38 | 15:07 | Аламүдүн району, Көк-Жар конушу, Достоевский көчөсүндө ачык аянтта 5 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | |
5. | 21-ӨКБ
1 б |
1 | 14:10 | 14:20 | жеткенге чейин | 14:43 | Токмок шаары, Сарбагышов көчөсүндө ачык аянтта куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | — | ||
6. | 24-ӨКБ
1 б |
1 | 14:37 | 14:39 | 14:50 | 15:00 | 15:13 | Токмок шаары, 1-кичи району, №18 көп кабаттуу үйдүн жанында 80 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | |
7. | 2-ӨКБ
1 б |
1 | 16:35 | 16:42 | 17:05 | 17:26 | 17:35 | Панфилов району, Кайыңды шаары, Чүй көчөсүндө ачык аянтта 10 сотык куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | |
8. | 7-ӨКБ
1 б |
1 | 17:10 | 17:18 | 17:45 | 18:00 | 18:31 | Аламүдүн району, Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинде 1500 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | |
9. | 1-ӨКБ
1 б |
1 | 22:10 | 22:13 | 22:40 | 22:50 | 23:00 | Аламүдүн району. Ленин айылы. 3-ПМКда 180 ч.м. куураган чөп жана таштанды күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. | 1ствБ | |
Ош облусу |
||||||||||
10. | 12-ӨКБ
1 б 13-АӨКБ 1 б 1 б |
1 | 13:54
14:00
14:17 |
14:05
14:15
14:27 |
15:18 | 18:50 | 19:37
18:51
17:08 |
Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Жаңы-Турмуш айылынын Киров жана Мукуми көчөлөрүндө жайгашкан турак үйлөрдөн өрт чыккан. Анын натыйжасында Киров көчөсү №31 жайгашкан аянты 235 чарчы метр болгон турак үй, Киров көчөсү №29 жайгашкан жалпы аянты 190 чарчы метр болгон турак үй жана сарай, Киров көчөсү №27 жайгашкан турак үйдүн 50 чарчы метр жыгач устундуу темир жабылган чатыры, Мукуми көчөсү №28 жайгашкан аянты 100 чарчы метр болгон эки кабаттуу сарай жана Мукуми көчөсү №26 жайгашкан турак үйдүн 40 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 6ствБ | |
11. | 4-ӨКБ
1 б |
1 | 01:26 | 01:38 | 02:15 | 03:40 | 04:03 | Ысык-Ата району, Кең-Булуң айылы, Токтогул көчөсү, жалпы аянты 120 чарчы метр болгон сарай толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | |
Ысык-Көл облусу |
||||||||||
12. | 15-ӨКБ
1 б |
1 | 12:37 | 12:40 | 12:46 | 12:57 | 14:37 | Каракол шаары, Токтогул жана Торгоев көчөлөрүнүн кесилишинде ачык аянтта 90 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | |
Жалал-Абад облусу |
||||||||||
13. | 97-ӨКБ
1 б |
1 | 15:47 | 15:48 | 15:54 | 16:12 | 16:17 | Токтогул району, Ош-Бишкек унаа жолунун 281-чакырымында жол жээгинде 100 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1ствБ | |
14. | 46-ӨКБ
1 б |
1 | 16:20 | 17:01 | жеткенге чейин | 18:16 | Тогуз-Торо району, Сары-Булуң айыл аймагы, Кара-Талаа тилкесинде жүк ташуучу “Фотон” үлгүсүндөгү унаасынын кабинасы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | — |
Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болду:
Жалал-Абад облусу
Кара-Көл шаарында 14-июнь күнү Кара-Суу дарыясына эркек адам 1989-жылы туулган түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
18-июнь күнү издөө иш-чараларын улантуу максатында КР ӨКМнен КР ӨКМнин №94 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жана туугандарынан 3 киши тартылган.
19-июнь күнү издөө иштери улантылат.
КР ӨКМ Басма сөз кызматы.