Ош облусунун Кара-Суу районунда ири өрт кырсыгы катталды

0
75 просмотров

Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагында 2020-жылдын 18-июнь күнү саат 13:50 чамасында Жаңы-Турмуш айылындагы Киров көчөсүндөгү  болжол менен №31 турак үйдөн өрт чыккан.

Өрттүн кесепетинен Киров көчөсүндөгү жайгашкан жалпы аянты 235 чарчы метр болгон №31 турак үй  жана жалпы аянты 190 чарчы метр №29 турак үйү жана сарайы, Мукумий көчөсүндө жайгашкан №28 үйүнүн аянты 100 чарчы метр болгон эки кабаттуу сарайы толук күйгөн.

Мындан сырткары Киров көчөсүндөгү №27 турак үйдүн 50 чарчы метр чатыры жана Мукумий көчөсүндөгү №26 турак үйдүн 40 чарчы метр чатыры күйгөн.

Өрттүн жалпы аянты 615 чарчы метр.

Жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Өрттү өчүрүүгө Ош шаардык №13 АӨКБдан 2 бөлүм, Ош шаардык №12 ӨКБдан 1 бөлүм, райондук өзгөчө кырдаал бөлүмүнөн жана ККББдан ыкчам топ, мындан сырткары ИИМден 14 кызматкер, шаардык газ кызматынан 1 бригада, РЭТ мекемесинен 1 бригада жана тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган.

Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 15:18де чектөөгө алынып, саат 18:50дө толук өчүрүлгөн. Өрттүн чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here