2020-жылдын 24-июнь күнү республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат
Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун өрөөндөрүндө жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Нарын облусу
Жумгал районунда 23-июнь күнү саат 14:30 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен коктулардан келген суулар Чаек айылында жайгашкан 5 турак үйдүн ичине кирип, 11 турак үйдүн короолорун каптаган.
Тазалоо иштерине КР ӨКМнин Жумгал райондук бөлүмүнөн ыкчам топ, №43 ӨКБдан 20 куткаруучу, айыл аймактан 1 жүктөгүч, 1 экскаватор жана жергиликтүү тургундардан 40 адам тартылды.
Тартылган күчтөрдүн жардамында 5 турак үйдүн ичине кирген сууларды мотопомпанын жардамында сордуруп жана 11 турак үйдүн короолорун тазалап беришкен.
24-июнь күнү Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан кошумча тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт.
Баткен облусу
Сүлүктү шаарында 23-июнь күнү ЖЧК “Кенчилер-Береке” шахтасында газ чыгып, кырсыктын кесепетинен 3 эркек киши жана 1 аял киши газга ууланып каза болушкан (1947-жылы туулган; 1983-жылы туулган; 2001-жылы туулган жана 1986-жылы туулган).
Жерине КР ӨКМнин №1 өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары тартылып, каза болгон адамдардын жансыз денелерин шахтадан чыгарып, Сүлүктү шаардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткиришкен.
Жалал-Абад облусу
Тогуз-Торо районунда 23-июнь күнү саат 16:30 чамасында шамал катталып (шамалдын ылдамдыгы такталууда), Каргалык айыл аймагына караштуу Т. Мойдунов атындагы орто мектебинин 114 даана шиферин, 7 турак үйдүн 26 даана шиферин жана 122 чарчы метр тунукесин, 3 чарбалык курулуштардын 140,8 чарчы метр чатырын учурган. Ошондой эле Тогуз-Торо айыл аймагында 9 турак үйдүн 248,5 чарчы метр тунукесин жана 12 даана шиферин учуруп кеткен. Жабыркагандар жок.
Жеринде КР ӨКМнин Тогуз-Торо райондук бөлүмүнөн ыкчам тобу жана Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иш-чаралары жүргүзүлгөн. 24-июнь күнү кошумча тактоо иштерин жүргүзөт.
Чүй облусу
Москва районунда 23-июнь күнү саат 12:00 чамасында ылдамдыгы секундасына болжол менен 18 метрге жеткен шамал катталып, Беловодск айылындагы КР Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №45 түзөтүү колониясынын имаратынын 185 чарчы метр чатырын учуруп кеткен. Жабыркагандар жок.
Жеринде КР ӨКМнин Москва райондук бөлүмүнөн ыкчам топ жана ЖК комиссиясы тактоо иш-чараларын жүргүзүшкөн.
Сейсмологиялык абал боюнча маалымат
Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 23-июнь күнү саат 10:05те Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Базар-Коргон районунун Арсланбаб, Үч-Булак, Жай-Терек айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
- Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
III. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
- КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча
Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 14 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.
Катар № |
Бөлүм №
|
Өрттүн категориясы
|
Убакыт |
Билдирүү жолу
|
Дареги, маалыматы, өрттүн себеби
|
Берилген ствол
ГТКК
|
|||||
чыгуу
саат/м |
жетүү
саат/м |
чектөө
саат/м |
толук
өчүрүү саат/м |
келүү саат/м |
|||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | |
Бишкек шаары |
|||||||||||
1 | 5-ӨКБ
1 б |
1 | 15:33 | 15:43 | 16:03 | 16:20 | 17:14 | Октябрь району, 7-кичи району, №26 үйүнүн батиринин балконунда 2 чарчы метр терезе жана дубал күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | кол
кар-т |
||
2 | 4-ӨКБ
1 б |
1 | 15:34 | 15:44 | — | — | 16:49 | Ленин району, Жогорку Джал кичи району, 12-үйдүн подъездинен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт жөнүндө маалымат тастыкталган жок. | — | ||
Ош шаары |
|||||||||||
3 | 109-ӨКБ
1 б |
1 | 12:50 | 12:56 | 13:00 | 13:09 | 13:28 | Ишматов көчөсү, ачык аянтта 5 сотык куураган чөп жана бадал күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1 ствБ | ||
Чүй облусу |
|||||||||||
4 |
15-ӨКБ
1 б |
1 | 09:40 | 09:40 | 09:53 | 10:08 | өрткө
чыгуу |
Москва району, Беловодский айылы, Дружба көчөсү №10, ачык аянтта 200 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1 ствБ | ||
5 | 15-ӨКБ
1 б |
1 | 10:22 | жеткенге чейин | 11:00 | Москва району, Садовой айылы, Пионер көчөсү №110, ачык аянтта куураган чөптөн чыккан өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн. | — | ||||
6 | 27-ӨКБ
1 б |
1 | 13:06 | 13:12 | 13:18 | 13:34 | 13:55 | Ысык-Ата району, Киргшелк айылы, Герцен көчөсү, көмөк чордон (трансформатор) күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1 ствБ | ||
7 | 1-ӨКБ
1 б |
1 | 17:05 | 17:20 | 17:35 | 18:00 | 18:35 | Аламүдүн району, Константиновка айылы, талаада 6 га чабылбаган арпа күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1 ствБ | ||
8 | 22-ӨКБ
1 б |
1 | 19:30 | 19:34 | 19:36 | 19:40 | 19:50 | Жайыл району, Кара-Балта шаары, Свердлов жана Абай көчөлөрүнүн кесилишинде 4 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1 ствБ | ||
9 | 23-ӨКБ
1 б |
1 | 03:47 | 04:32 | 04:48 | 06:20 | 07:05 | Сокулук району, Лесной айылы, Проектирный көчөсү, бастырма жана 160 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1 ствБ | ||
Жалал-Абад облусу |
|||||||||||
10 | 55-ӨКБ
1 б
|
1 | 07:17 | 07:42 | 07:51 | 07:55 | 08:45 | Ноокен району, Кочкор-Ата шаары, ачык аянтта 5 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1 ствБ | ||
Талас облусу |
|||||||||||
11 | 100-ӨКБ
1 б |
1 | 08:50 | 09:05 | 09:13 | 09:28 | 09:42 | Манас району, Покровка айылы, ачык аянтта 100 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | 1 ствБ | ||
12 | 17-ӨКБ
1 б |
1 | 15:17 | 15:26 | 15:30 | 15:42 | 16:03 | Талас шаары, Токтогул көчөсү №54, 25 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. | 1 ствБ | ||
Ош облусу |
|||||||||||
13 | 64-ӨКБ
1 б |
1 | 13:24 | 13:28 | 13:48 | 14:01 | 14:17 | Араван району, Юсупов айыл аймагы, Саидахматов көчөсү №1, турак үйдүн 0,5 чарчы метр гипсокартон шыбы күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска туташуусу. | кол
кар-т |
||
14 | 64-ӨКБ
1 б |
1 | 20:57 | 21:44 | 21:50 | 21:55 | 23:00 | Араван району, Араван-Төө-Моюн унаа жолунун 15-чакырымында (Октябрь тилкеси), ачык аянтта 1 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. | кол
кар-т |
||
Куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болду:
Ош шаары
23-июнь күнү саат 18:25де КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Абакир уулу Т. көчөсүндө жайгашкан №40 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.
Нарын облусу
Кочкор районунда 23-июнь күнү саат 11:55 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 173-чакырымында (Кувакы ашуусу) «Honda Stepwgn» үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып таш сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен 5 адам жана 4 жаш балдар жеңил жаракат алышкан (1 эркек 1985-ж.т. жана 4 аял 1994-ж.т., 1969-ж.т., 1954-ж.т., 1954-ж.т.). КР ӨКМ №42 ӨКБ куткаруучулары жабыркаган жарандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ош облусу
Ноокат районунда 23-июнь күнү саат 18:50 чамасында Көк-Жар айылында жайгашкан Найман суу сактагычына 1965-жылы туулган эркек киши чөгүп кеткен.
Издөө иштерин жүргүзүүгө КР ӨКМнин 4 куткаруучусу тартылып.
24-июнь күнү издөө иштери улантылат.
Жалал-Абад облусу
Жалал-Абад шаарында 23-июнь күнү шамалдын кесепетинен Кутманов көчөсүндө жайгашкан №7 көп кабаттуу үйдүн 53-батиринин балконунун терезесинин жарымы чыгып жашоочуларга кооптуу абал жараткан.
КР ӨКМнин №20 ӨКБ куткаруучулары терезени коопсуз жайга жылдырып беришкен.
КР ӨКМ Басма сөз кызматы.