Шашылыш билдирүү: 26-июнунан 28-июнуна чейин сел жүрүшү мүмкүн!
2020-жылдын 26-июнунан 28-июнуна чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Ошол себептен, коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.
КР ӨКМнин тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2020-жылдын 24-июнь күнү №02-34/492-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.
2020-жылдын 25-июнь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат
Жаан-чачын күтүлбөйт.Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Нарын облусу
Жумгал районунда 23-июнь күнү саат 14:30 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен коктулардан келген суулар Чаек айылында жайгашкан 5 турак үйдүн ичине кирип, 11 турак үйдүн короолорун каптаган.
Тазалоо иштерине КР ӨКМнин Жумгал райондук бөлүмүнөн ыкчам топ, №43 ӨКБдан 18 куткаруучу, айыл аймактан 1 жүктөгүч, 1 экскаватор жана жергиликтүү тургундардан 40 адам тартылды.
Тартылган күчтөрдүн жардамында 5 турак үйдүн ичине кирген сууларды мотопомпанын жардамында сордуруп тазалашкан жана 11 турак үйдүн короолорун тазалап беришип 24 июнь күнү саат 13:40та иш-чара толугу менен аяктаган.
Жалал-Абад облусу
Тогуз-Торо районунда 23-июнь күнү саат 16:30 чамасында ылдамдыгы секундасына 27 метре чейин жеткен катуу шамал катталып, Каргалык айыл аймагына караштуу Т. Мойдунов атындагы орто мектебинин 114 даана шиферин, 7 турак үйдүн 26 даана шиферин жана 122 чарчы метр тунукесин, 3 чарбалык курулуштардын 140,8 чарчы метр чатырын учурган. Ошондой эле Тогуз-Торо айыл аймагында 9 турак үйдүн 248,5 чарчы метр тунукесин жана 12 даана шиферин учуруп кеткен. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.
Жеринде КР ӨКМнин Тогуз-Торо райондук бөлүмүнөн ыкчам тобу жана Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иш-чаралары жүргүзүлүп актысы түзүлгөн.
Токтогул районунда 24-июнь күнү саат 19:00 чамасында Үч-Терек айыл аймагында жаап өткөн жаандын кесепетинен кокту колоттордон сел жүрүп, Саргата-Такталык ички чарбалык унаа жолунун 100метр суу каптаган. Мындан сырткары Саргата айылынын Кодиков көчөсүнүн 250метр ички чарбалык жолун каптаган, жол каттамы ачык унаалар кыйынчылык менен өтүүдө, турак үйлөргө зыян келтирилген эмес.
Жерине райондук ӨК бөлүмүнүн ыкчам тобу жана айыл аймактан 1 эксковатор тартылган.
Тартылган техникалардын жардамында калыбына келтирүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Калыбына келтирүү иш-чаралары 25-июнь күнү улантылат.
-
Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
III. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок
-
КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча
Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 15 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 18 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.
Катар № |
Бөлүм № |
Өрттүнкатегориясы |
Убакыт |
Билдирүү жолу |
Дареги, маалыматы, өрттүн себеби |
Берилген стволГТКК |
||||
чыгуусаат/м |
жетүүсаат/м |
чектөөсаат/м |
толукөчүрүүсаат/м |
келүүсаат/м |
||||||
1 |
2 |
3 |
4 |
5 |
6 |
7 |
8 |
9 |
10 |
11 |
Бишкек шаары |
||||||||||
1. |
3-ӨКБ1 б |
1 |
01:43 |
01:50 |
01:59 |
03:30 |
04:04 |
Свердлов району, Ю.Абдрахманов көчөсү №230а, 36 чарчы метр курулуш вагону толук күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. |
1ствБ |
|
Ош шаары |
||||||||||
2. |
85-ӨКБ1 б |
1 |
13:55 |
14:02 |
14:09 |
14:15 |
14:59 |
Н.Исанов көчөсү №43, көп кабаттуу үйдүн киреберишинде 2 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. |
1ствБ |
|
3. |
12-ӨКБ1 б |
1 |
18:21 |
18:34 |
18:39 |
18:50 |
19:17 |
Ош көчөсүндө ачык аянтта 3 сотык куураган чөп жана бир даана бак күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. |
1ствБ |
|
Чүй облусу |
||||||||||
4. |
27-ӨКБ1 б |
1 |
11:28 |
11:35 |
11:40 |
12:10 |
12:45 |
Ысык-Ата району, Новопакровка айылы, Ленин көчөсү №262, жалпы аянты 40 чарчы метр болгон сарай жана электр ширетүүчү аппарат толугу менен күйнгөн. Өрттүн себеби: такталууда. |
1ствБ |
|
5. |
7-ӨКБ1 б |
1 |
15:06 |
15:26 |
15:47 |
16:21 |
16:57 |
Аламүдүн району, Восток айылы, Ленин көчөсү менен ЧЧК кесилишинде 1 га куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. |
1ствБ |
|
6. |
2-ӨКБ1 б |
1 |
16:08 |
16:35 |
19:15 |
20:35 |
21:15 |
Панфилов району, Чалдовар айылы, Исмаилов көчөсү №14, жалпы аянты 225 чарчы метр болгон сарай жана 1000 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. |
1ствБ |
|
7. |
24-ӨКБ1 б |
1 |
20:14 |
20:16 |
20:27 |
20:43 |
20:57 |
Токмок шаары, 3-кичи району, ачык аянтта 400 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. |
1ствБ |
|
8. |
21-ӨКБ1 б |
1 |
20:42 |
20:48 |
21:11 |
21:17 |
21:25 |
Токмок шаары, Казахстан жана Татар көчөлөрүнүн кесилишинде трансформатор күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. |
1ствА |
|
Ош облусу |
||||||||||
9. |
12-ӨКБ1 б |
1 |
07:41 |
07:48 |
08:20 |
09:08 |
09:30 |
Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Керме-Тоо айылы, жалпы аянтты 72 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби: чагылгандын отунан. |
2ствБ |
|
10. |
103-ӨКБ1 б |
1 |
18:48 |
18:55 |
19:05 |
19:20 |
19:50 |
Өзгөн району, Куршаб айыл аймагы, Куршаб айылы, Бекмурзаев көчөсү №62, мончонун 3 чарчы метр жыгач жасалгасы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. |
1ствБ |
|
Жалал-Абад облусу |
||||||||||
11. |
20-ӨКБ1 б |
1 |
13:28 |
13:32 |
13:34 |
13:55 |
14:29 |
Жалал-Абад шаары, Ж.Бакиев көчөсү №36, “Келечек” ишканасынын аймагында 21 чарчы метр куураган чөп жана таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. |
2ствБ |
|
12. |
20-ӨКБ1 б |
1 |
18:54 |
19:01 |
жеткенге чейин |
19:25 |
Жалал-Абад шаары, А.Чехов көчөсү №4, трансформатор күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. |
— |
||
Талас облусу |
||||||||||
13. |
17-ӨКБ1 б |
1 |
15:39 |
15:49 |
15:52 |
15:57 |
16:23 |
Талас шаары, Бердике Баатыр көчөсү №364, турак үйдүн короосунда 42 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. |
1ствБ |
|
14. |
17-ӨКБ1 б1 б101-ӨКБ1 б |
1 |
17:3118:0519:32 |
17:4618:1620:00 |
20:28 |
21:40 |
20:3622:3822:09 |
Талас району, Көк-Токой айылы, Алтыбайдын Сазы тилкесинде жайгашкан сарайдын 850 чарчы метр бөлүгү жана эки тонна жыйылган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. |
3ствБ |
|
Баткен облусу |
||||||||||
15. |
108-ӨКБ1 б |
1 |
11:06 |
11:17 |
жеткенге чейин |
12:22 |
Лейлек району, Кулунду айыл аймагы, Кулунду айылы, Ниязматов көчөсү №2, №5 бейтапкананын электр калканы күйгөн. Өрттүн себеби: электр зымдарынын кыска чыңалуусу. |
— |