2020-жылдын 26-июну саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
70 просмотров

Шашылыш билдирүү: 26-июнунан 28-июнуна чейин туруксуз аба-ырайы  күтүлүдө!  

         2020-жылдын 26-июнунан 28-июнуна чейин туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Ошол себептен, коопсуздук иш-чараларды сактап жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүү зарыл.

КР ӨКМдин тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, КР ӨКМнин 2020-жылдын 24-июнь күнү №02-34/492-Т телефонограммасы чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жеткирилген. Ошондой эле, КР ӨКМнин алдындагы ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

2020-жылдын 26-июнь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

 

Жалал-Абад облусу

Токтогул районунда 2020-жылдын 24-июнь күнү саат 19:00 чамасында Үч-Терек айыл аймагында жаап өткөн жаандын кесепетинен кокту колоттордон сел жүрүп, Саргата-Такталык ички чарбалык унаа жолунун 100метр суу каптаган. Мындан сырткары Саргата айылынын Кодиков көчөсүнүн 250метр ички чарбалык жолун каптаган, жол каттамы ачык унаалар кыйынчылык менен өтүүдө, турак үйлөргө зыян келген эмес.

Сейсмологиялык абал боюнча маалымат

Кыргыз Республикасынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 25-июнь күнүсаат 17:28де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Өзгөн районунун Шералы, Кароол айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

25-июнь күнү саат 19:49да Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Кочкор районунун Орток, Кызыл-Дөбө, Комсомол, Ак-Талаа айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 26 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 30 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Бишкек шаары

1.     2-ӨКБ

1 б

1 08:03 08:10 08:22 08:29 09:00   Свердлов району, Красный Строитель конушу,  Чым-Коргон көчөсү, 48-үй. жыгач устундуу пластмасса жабылган аянты 40 чарчы метр бастырма күйгөн. Өрттүн  себеби: такталууда. 1ствБ
2.     7-ӨКБ

1 б

1 14:30 14:48 15:06 15:12 16:32   Октябрь району, Рухий Мурас-2 конушу, жалпы аянты 1400 чарчы метр ачык аянтта куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
3.     6-ӨКБ

1 б

1 19:55 20:05 20:05 20:15 20:45   Ленин району, Ак-Өргө конушу, Арабаев  көчөсү №34, турак үйдүн ичинде электр зымдары күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. —-
4.     6-ӨКБ

1 б

1 23:10 23:21 23:42 23:47 00:03   Ленин району, Джамгерчинов менен Кен-Суу көчөлөрүнүн кесилишинде,  жалпы аянты 100чарчы метр ачык аянтта куураган чөп күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
5.     4-ӨКБ

1 б

1 00:57 01:06 01:14 01:20 01:43 101 Ленин району, Нижний Жал кичи району Ахунбаев көчөсү №204,   жалпы аянты 30 чарчы метр ачык аянтта куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ

Чүй облусу

6.     22-ӨКБ

1 б

1 10:22 10:34 10:39 10:50 11:04   Жайыл району, Полтавка айылы, Комсомол көчөсү №150А, жалпы аянты 100чарчы метр ачык аянтта куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
7.     21-ӨКБ

1 б

1 11:17 11:20 11:34 11:45 12:40   Токмок шаары, Пионер көчөсү, стадиондун жанында куураган чөп күйгөн, жалпы аянты 50чарчы метр. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
8.     24-ӨКБ

1 б

1 11:48 11:51 11:53 11:57 Өрткө

чыгуу

101 Токмок шаары, 1-кичи району,  жалпы аянты 10чарчы метр ачык аянтта куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
9.     24-ӨКБ

1 б

1 11:57 12:09 12:15 12:32 12:50   Токмок шаары, Шанхай айылы, Железнодорожная көчөсү, жалпы аянты 1га ачык аянтта куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
10.       27-ӨКБ

1 б

1 14:25 15:07 15:43 15:56 17:15   Ысык-Ата району, Нурманбет айылы, жалпы аянты 2 га ачык аянтта куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
11.       21-ӨКБ

1 б

1 14:47 15:05 15:09 15:16 Өрткө

чыгуу

  Чүй району, Чүй айылы, Ибраимов көчөсү №2, жалпы аянты 50 чарчы метр ачык аянтта куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
12.       21-ӨКБ

1 б

1 б

1  

15:20

16:00

 

15:28

 

 

16:14 17:00  

16:50

17:43

  Чүй району, Чүй айылы, Ибраимов көчөсү №75, жалпы аянты 20 чарчы метр ачык аянтта куураган чөп жана 18  чарчы метр вагон күйгөн.  Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ
13.       23-ӨКБ

1 б

1 16:05 16:12 16:30 16:35 16:45   Сокулук району, Романовка айылы, Гагарина  көчөсү, жалпы аянты 100чарчы метр ачык аянтта куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
14.       27-ӨКБ

1 б

1 17:52 17:58 18:38 19:26 20:13   Ысык-Ата району, Люксембург айылы, Ваккера  көчөсү №28, 300 чарчы метр болгон жыгач сарай күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
15.       22-ӨКБ

1 б

1 б

1 18:56

 

19:25

19:19

 

—-

19:40 19:51 21:08

 

20:27

  Жайыл району, Бекитай айылы,  жалпы аянты 1га эгин талаада буудай талаа күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
16.       21-ӨКБ

1 б

1 20:52 20:57 20:57 21:14 21:34   Токмок шаары, Ибраимов  көчөсү №68, жалпы аянты 0,2 га ачык аянтта куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. —-
17.       28-ӨКБ

1 б

1 01:58 02:44 02:55 03:01 03:32 101 Аламүдүн району, Орто-Сай айылы, Иманалиев  көчөсү, турак үйдүн короосунда отун күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
18.       15-ӨКБ

1 б

1 02:57 03:27 03:43 07:05 101 Москва району, Чон-Арык айылы, Центральная көчөсү, жыйылган  чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.  
19.       2-Өкб

1 б

1 03:49 03:56 04:36 05:36 05:57 101 Панфилов району, Панфилов айылы, Центральная  көчөсү, турак үйдүн  жалпы аянты 64 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.  

Талас облусу

20.       100-ӨКБ

1 б

1 16:34 16:40 17:00 19:55 20:32   Манас району, Чоң Капка айылы,  280 даана тук чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
21.       91-ӨКБ

1 б

1 18:03 —- жеткенге чейин 18:40   Кара-Буура району, Бакайыр айыл аймагы, Кара-Сай айылы, 280 даана түктөлгөн чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. —-

Жалал-Абад облусу

22.       65-ӨКБ

1 б

1 14:55 16:04 16:06 16:37 17:20   Сузак району, Сузак айыл аймагы, Кыр-Жол айылы, Таша-Кур тилкеси,   жалпы аянты 0,3га ачык аянтта куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
23.       78-ӨКБ

1 б

1 15:35 16:10 16:15 22:28 22:44   Базар-Коргон району, Базар-Коргон айыл аймагы, Үч-Эмчек айылы, ачык аянтта 1 га таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствБ
24.       73-ӨКБ

1 б

 

1 б

1 19:54

 

 

20:34

20:16 20:55 23:12 22:04

 

 

23:58

  Ала-Бука району, Ак-Коргон айыл аймагы, Ак-Коргон айылы, Кайымов  көчөсү, 530 беде пресс чөп, 100 боо жүгөрү бакалы, 4м3 отун күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 2ствБ

Ош облусу

25.       104-ӨКБ

62-ӨКБ

1 17:37

 

 

17:51

18:15

 

 

18:20

жеткенге чейин  

 

 

18:43

  Ноокат району, Төөлөс айыл аймагы, Өрнөк айылы, Тагаев көчөсү, жыгач устундуу шифер менен жабылган 24 чарчы метр сарай,  жана 65 даана түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. —-
26.       66-ӨКБ

1 б

1 05:17 05:37 05:47 06:17 06:56 101 Кара-Кулжа району, Кашка Жол айыл аймагы, Октябрь айылы, 20 чарчы метр дүкөндүн ичи күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда.  

Куткаруу кызматтары тарабынан 8 чыгуу болду:

Бишкек шаары

Ленин районунда 25-июнь күнү саат 17:23тө КР ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Уметалиев көчөсүндө жайгашкан №11 үйүнүн батиринин жабалып калган эшигин ачып беришкен.

Ош облусу

Ноокат районунда 23-июнь күнү саат 18:50 чамасында Көк-Жар айылында жайгашкан Найман суу сактагычына 1965-жылы туулган эркек киши чөгүп кеткен.

25-июнь күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнин РӨКОнан 4 куткаруучу, Ноокат райондук №71 ӨКБдан 7 куткаруучу тартылып.

26-июнь күнү издөө иштери улантылат.

Ноокат районунда 25-июнь күнү саат 13:10до КР ӨКМнин №71 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Ош-Ноокат унаа жолунун 30-чакырымында (Үч-Бай айылы) “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү жеңил унаанын бекилип калган эшигин ачып беришкен.

Чүй облусу

Москва районунда 25-июнь күнү саат 17:40та КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруучулары Ак-Суу айылынын 50 лет октября көчөсүндө жайгашкан №8 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Жалал-Абад облусу

Жалал-Абад шаарында 25-июнь күнү КР ӨКМнин №58 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары Красин көчөсүндө жайгашкан №147 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

Баткен облусу

Кадамжай районунда 25-июнь күнү саат 23:40та Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 111-чакырымында (Халмион  айылы) “Деу-Тико” унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1 эркек адам (1949-жылы туулган) женил жаракат алган. Каза болгон адамдар жок.

КР ӨКМнин №76 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары  тактоо иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Ысык-Көл облусу

Каракол шаарында 26-июнь күнү саат 03:03 чамасында Пристань-Пржевальск айылына бара жаткан унаа жолдо “AUDI-A6” унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, бакты сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен айдоочусу 1 эркек адам (аты-жөнү такталууда) каза болуп, 2002-жылы туулган аттуу эркек адам оор жаракат алган.

КР ӨКМнин №15 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары  каза болгон адамды унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине, ал эми жабыркаган адамды тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here