2020-жылдын 29-июну саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

0
58 просмотров

2020-жылдын 29-июнь күнү Республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат

Жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол шаарында шамал мейманкананын чатырын учуруп кетти 

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 2020-жылдын 27-июнь күнү саат 14:45 чамасында шамал катталып (ылдамдыгы такталууда), Масалиев көчөсү №45 дарегинде жайгашкан “Май Хотел” мейманканасынын 475 чарчы метр түзгөн темир чатырын учуруп кеткен. Жабыркагандар жок.

28-июнь күнү Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо жана түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.

29-июнь күнү комиссия тарабынан акт түзүлөт. 

  1. Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

III. Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал катталган жок

  1. КР ӨКМнин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 5 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 6 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган.

Катар №

Бөлүм №

 

Өрттүн

категориясы

 

Убакыт

Билдирүү жолу

 

 

 

Дареги, маалыматы, өрттүн себеби

 

Берилген ствол

ГТКК

 

чыгуу

саат/м

жетүү

саат/м

чектөө

саат/м

толук

өчүрүү

саат/м

келүү

саат/м

1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11

Ош облусу

1.     64-ӨКБ

1 10:25 10:40 10:58 11:05 11:30 Араван району, Нур-Абад айыл аймагы, Х.Исмаилов айылында турак үйдө 50 кг пахта күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1свтол

Б

Баткен облусу

2.     62-ӨКБ

1 б

1 б

1 08:52

08:57

08:57

09:03

10:10

 

 

11:20

 

 

12:41

12:41

Кызыл-Кыя шаары, Умаров көчөсүндө жайгашкан жыгач устундуу шифер менен жабылган сарайдын 90 арчы метр, 170 даана чөп күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1свтол

Б

Жалал-Абад облусу

3.     55-ӨКБ

1 17:05 17:13 17:33 18:25 19:25 Ноокен району, Шайдан айыл аймагы, Жон-Арык айылы, Дамаш көчөсү, турак  үйүдүн 80чарчы метр бастырмасынын чатыры күйгөн. Өрттүн кесепетинен Дамаш көчөсүнүн №18 үйүнүн 266чарчы метр жыгач устундуу шифер менен жабылган чатыры күйгөн.  Өрттүн себеби: жаш балдардын от менен шоктугу. 2свтол

Б

4.     20-ӨКБ

1 17:47 17:53 17:55 18:00 18:37 Жалал-Абад шаары, ВЛКСМ көчөсү №18, көп кабаттуу үйдүн короосунда 3чарчы метр таштанды күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1свтол

Б

Ысык-Көл  облусу

5.     15-ӨКБ

1 б

1 08:43 08:48 08:54 9:15 10:08 Каракол шаары, Дзержинская көчөсүндө, Форд-Фокус унаасы толук күйгөн. Ошондой эле жанындагы Газель унаасынын эшиктери жана УАЗ кыймылдаткыч тарабы күйгөн. Өрттүн себеби: такталууда. 1ствол

Б

 

Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болду:

Ош шаары

29-июну саат 13:46 чамасында КР ӨКМнин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Төлөйкөн кичи районунда жайгашкан №27 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.

 

Ноокат районунда шахтада бир адам газга ууланып, каза болду

Ош облусунун Ноокат районунда 29-июну саат 20:35 Жин-Жиген айылында “Жин-Жиген” шахтасында 1 эркек киши (аты-жөнү такталууда) газга ууланып, калып калган.

Жерине  КР ӨКМнин №4 өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары тартылып, маркумдун жансыз денесин шахтадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.  

Нарын дарыясына түшүп кеткен 17 жаштагы бала күнү Өзбекстан Республикасынын аймагында табылды

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 14-июнь күнү Үч-Коргон айыл аймагынын Кум айылында Нарын дарыясына 2003-жылы туулган бала түшүп кеткен.

24-июнуна чейин КР ӨКМнин куткаруучулары тарабынан издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн, бирок натыйжа болгон эмес. 28-июнь күнү Өзбекстан Республикасынын аймагынан жергиликтүү тургундар тарабынан белгисиз эркек адамдын жансыз денеси табылып жогорудагы сууга аккан адам экендиги аныкталган. Саат 15:00дө маркумдун жансыз денеси Өзбекстан Республикасынын чек-ара кызматы тарабынан туугандарына өткөрүлүп берилген.

КР ӨКМ Басма сөз кызматы.

Print Friendly, PDF & Email

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here