Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 2020-жылдын 27-июнь күнү саат 14:45 чамасында шамал катталып (ылдамдыгы такталууда), Масалиев көчөсү №45 дарегинде жайгашкан “Май Хотел” мейманканасынын 475 чарчы метр түзгөн темир чатырын учуруп кеткен. Жабыркагандар жок.
28-июнь күнү Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо жана түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.
29-июнь күнү комиссия тарабынан акт түзүлөт.